Бирик - Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо - БИРИК
Окуган: Курманбек Ниязбеков
____________________________________________
Улут - белек, уңгусу билинбеген,
Уруу- белек, уюгу бириндеген.
Уюткусу жок беле жети атаңдын?
Улуулугун боюна сиңирбеген.
Бөркү баштан түшпөгөн бийик кыргыз,
Көркү шамдай жаркыган билик кыргыз.
Бөлүнгөндө бүлүнөт бүтүндүгүң,
Бөлөктөргө жем болбой бирик кыргыз!
Тегиң жаман болчубу тентип кеткен?
Тексиздердин артынан ээрчип кеткен.
Мезгилдери болгонбу бабалардын?
Мекенинин бир бурчун кемтип кеткен.
Сайдын ташын сатпаган тирик кыргыз,
Салтын бийик сактаган жигит кыргыз.
Сан миң жылды карыткан тарыхың бар,
Сай-сайларга бөлүнбөй, бирик кыргыз!
Наадан белең тегиңдин дилин бузган?
Найнык белең элиңдин тилин бузган?
Ырксыз белек ырысы ыдыраган?
Ынтымактуу журтуңдун жигин бузган.
Намысыңды, наркыңды билип кыргыз,
Нагыз улуу дүйнөңө кирип кыргыз.
Кокту-колот жериңди коё туруп,
Кол башында муштумдай бирик кыргыз!
Эл ичинен эрлери качкан жаман,
Жең ичинен жерлерин саткан жаман.
Күлкүсүнөн күйүтү арбын болуп,
Күндүз күнү кызарып баткан жаман.
Кайра башкы каныңа сиңип кыргыз,
Кастарыңды башкага тигип кыргыз.
Кайырчыдай жер кезип жүрө бербей,
Кадырыңды кетирбей бирик кыргыз!
Садага чаап салтыңды кечкен болбойт,
Келечектин кендирин кескен болбойт.
Ыйман, абийир, арыңды сыйрып салып,
Ырыскыңды ыгы жок тепкен болбойт.
Бууданыңды кайрадан минип кыргыз,
Бүт милдетти моюнуңа илип кыргыз.
Башкаларга кол сунуп жалдырабай,
Байрагыңдын түбүнө бирик кыргыз!
Жер карабай желкени түздөгүлө,
Биримдиктин билегин күчтөгүлө.
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып,
Тыштан келген жардамды күтпөгүлө!
Турпагыңа белгиңди чийип кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик кыргыз.
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
Түндүгүңдүн алдына бирик кыргыз!!!
Our Social Media
_____________________________________________
KZread : / bosogo
Facebook: / bosogokg
Instagram: / bosogokg
Пікірлер: 31
Молодец Курманбек.Денедеги Канды титиретесин го на
Мыкты чакыруу!ошол Ош, Озгон, Он Адыр коогасынан борборго келгенимде уккамын. Абдан каттуу чакырык.Самый Кожо чыныгы Эл патриоту!Ооба саясат элдин нечен бир Эр азаматтардын баардык Жан дуйноосун талкалап салды.оз мекенибизге кайтып келуу менен ушундай саясый пикир келишпестике туштугам деп он уктасам тушумо кирбеген.Таш боор тагдыр алчуу Эне Атаны тууган урукту алды.Азыр олук адамдай жашоодомун. Эл катары бирок адамгерчиликти жоготкон жокмун.жон гана ар кандай каракчылардын мамилеснин алдына ала байкоочу болуп калдым.Эл жер учун сак болуу ар бирибиздин милдетибиз.жашоо уланууда.Бейиши болгур Атам айтып кетти.Эл менен болгула элден чыкпагыла.Ата тегибиз мындай каапырга тандык иштерди кылбаган.келечегинерди ойлоп келечегинерге умтула бергиле деп ОО дуйного кете берди.Коштошуп олгон зыйнатын озубузго караштуу гана адамдар менен узаттык.башкасы башка бойдон калды.Кереги да жок.Ооба биз советтик доордун адамдардын тарбиясында тарбияланганбыз.Советтик доорундагы тартип и тургузган элдин жанылануусуна тилектешпиз.Дин менен жашоодобуз Дин Ыйман келген.эл ырыскысы толо берсин Эл тынч болсун.!
3:20 ушул.ырдын.маанисине.тушунсок.бактылуулук.келетбирок.тушунбои.жатпаилыбы.ее,
Кандай сонун патриоттукка чакырык! Жүрөк титиретип, бүткүл намысыңды ойготот го, чиркин! Ыр эмес бекен! Мазмунунан эле, автордун патриот экени сезилет. Азаматсың, Мирлан! Окуган жигит да жүрөккө жеткире окуду го, азаматсың! Силердей эр азамат, намыстуу уулдарыбыз көбөйсүн!🤲🤲🤲
Патриот жигиттерге кыргызымдын 👍👍
Недеген таамай айтылган саптар,онорунузго баа берем!
Мааниси абдан терең, жүрөгүңдү жарып кете тургандай. Кыргызымдын эр азаматтары намыстуу болгон. Кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам!
Аябай сонун, көркөмдүү окулуптур молодец 👏
Окуган тууганым да укмуш окупсуз.Мирлан агама рахмаат. 😢
Мыкты ыр экен, аябай сонун аткарууда 👍😥
@BOSOGO
3 жыл бұрын
Зайырбек Ажыматовдун "Улутпуз биз" ыры дагы сонун
Окуган актер ырдын багын ача окуптур! Создун керемети, Куту элге жетсин!
Жакшы болуптур паттриотт болгула
Эң сонун...
Актёр сонун айтыптыр🎉🎉 Досум чычкак, айта албай койду
Соз жок ушуну угуп Бир боорлору учун 💪👊хоть любой жерге кирип баратго кайран кыргыз
Укмуш ырды, керемет окуптур.
Элдин жүрөгүнө жете турган ыр! Мекенчил жигиттерибиз бар, келечектен үмүтүбүз чоң! Бирик кыргыз!
😍😘👏
Музыкасы кандай аталат??
Алга кыргыз элим
Мирлан Самыйкожо залкар акын экенсиз бар болунуз бугун сизден иш ордунузду талашкан кыз кесиптешинизби мага жооп бергениниз жакты адамгерчилигизди жоготбоптурсуз
😥😥
😢😢😢😢😢🇰🇬🤲🇰🇬🤲🇰🇬🤲🇰🇬
🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Энн жакши айтарга соз жетпейт
Музыка сын айтса койо аласынарбы
Ырдын аты кандаай
@BOSOGO
3 жыл бұрын
Бирик