Бир атанын кабыл болгон дубасы-Саид бин Зайд (р.а)
Пайгамбарлык келээрден бир канча жыл мурун, Зайд бин Амр аттуу бир киши, караңгылык доорунун эң караңгы учурунда Пайгамбарлыктын нурун издеп Меккеден, Басра жана Шам тараптарга жолго чыгат. Издейт, бирок таппайт. Бул чөлкөмдөрдө ага кез келген яхуди жана христиан аалымдары “Сен туура адамды, туура эмес жерде издеп жатасың!” дешип, ал зат Фаран тоолору жактарда б.а. Мекке тараптарда келээрин айтышат. Анткени аларга келген китептерде ошондой баяндалган болчу.
Зайд бин Амр “Демек биз жактан чыгат турбайбы..”деп сүйүнүп, кайрадан өз мекенине жол тартат. Жолдор ары катаал, ары татаал болчу. Алдуунун алсызга кыр көрсөткөн, биринин укугун бири тепселеген, мыйзам жана тартипти тааныбаган бир учур эле. Андыктан каракчылар каалагандай ат чуркатып, көксөгөн ишин каалагандай калчап калышкан. Зайд бин Амр да Меккеге кайтаарда жузам уруусунун каракчыларына туш болуп, акыйкат издөөнүн жолунда шейит кетет. Өлөөр алдында кол жайып, “Аллахым, сенин акыркы Пайгамбарыңа мен жете албадым. Сенден суранам, уулум Саидди ошол күндөргө жеткирип, акыркы Пайгамбарыңдын жанында жүргөн жакын адамдарынан кыла көр!”деп дуба кылат. Жылдар өтүп, бул атанын дубасы кабыл болуп, Зайдын уулу Саид-алгачкы мусулмандардын жана бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабалардын катарынан орун алат. Андыктан сүйүктүү көрөөрмандар, “Ашерейи Мубашара” б.а. Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахаба аттуу чыгарылышыбыздын кезектеги каарманы-Саид бин Зайд.
Пікірлер: 75
Сахабалардай динде бекем болушубузду насип кылсын Аллагым
@user-zn3zw4yf9p
11 ай бұрын
Ухуд тоосундай алтынды Алланын ыраазылыгы учун сарптасак да сахабалар кылган кичине нерсеге арзыбайт пайгамбарыбыз айтып кеткен
УНУН КЕРЕМТ БОР БОЛ ТУУГАН АССАЛООМ АЛЕЙКУМ
Аллах сизден ыраазы болсун чоон рахмат дагы кутобуз
Ах менин суйгон каналым .Бейиш нурум гооп жаша🌹🌹🌹🌙🌿🌿🌿🤲🤲🤲🤲🤲
Рахмат сизге бар болуңуз
Улуу спхабалардан үлгү алылы ИншаАллах
Аллах ыраазы болсун Мансур ага
Биз уул перзенту болдук мен уйротом айтам кайдан келдик кайда барабызды Аллахыма шугур Чубак ажы Абдушукур Максат ажылар менен замандаш болгонума
МаашаАллах.
Аллах раазы болсун мусулман бир тууганым, дагыда Сахаба р.а дан көп көп чыгара берниз.
Аллахым ыраазы болсун!
Аллага ыразымын Пайгамбар Мухаммад (С.А.В ) пайгамбар катары ыразымын Ислам динден , дин катары ыразымын. Аллахым бизден дагы ыразы боло кор.
Ассаламу алейкум. Балдарыбызга үлгүлүү ата-эне болуу, жана урпактарыбыздан Сүннөттү жана Исламды жандандырган чыгаан уул, кыздар чыккан насип болсун я Раббим 🤲🏽
Кандай гана таза Инсандар откон бул ааламдан.....Булардын жанында биз Бейишке татыктуубузбу???
Валейкум салам ва рахматуллохи ва баракатуху,Алла ыраазы болсун.
МашаАлла 🥲🥲🥲
Соонун пайдалуу таасирдуу баяндарды дагы дагы чыгара бериниздер 🤗🤲👍
Ва алейка салями ва рахматуллохи ва баракатух ва хидоятихи
Аллах ыраазы болсун сизден Бейиш Нуру каналы
Альхамдулиллях, Бейиш нурун калтырбай кором, чыдамсыздык менен кутуп калам, кийинки роликтерди.
Субахан Аллах
Эн сонун Аллах раазы болсун сиздерге
Саид Бин Заид 🦁
Аллах ыраазы болсун "Бейиш нуру "жамааты... Бейиште бир нур болуп турганыңыздарды Алла насип кылган болсун ❤❤❤
Баардык баяндар таасирдуу
Аллахым ыраазы болсун кандай гана таасирдуу окуялар,ошол дуйного кетип калыпмын 😢
Аллахым, ушундай дин бергениген чексиз шугур.
Аллахым сахабалардай бекем ыйман Берсин баарыбызга да, СубханАллах Алхамдулиллах Аллахым ыраазы болсун бейиш Нуру жамаатынан
Алла ыраазы болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын өмүр баянын да толук аудиокитеп кылып жаздырып чыгарсаныздар сураныч.
Пайгамбарыбыздын дооруна жашап келгендей,бир рахат бересиздер... Дин боюнча сонун маалыматтарды берип келесиздер ❤❤❤
Аллах алардын жана бизден ыраазы болсун.❤❤❤
Лаа ила ха иллаЛлаh Мухаммад расуЛлаh
АЛХАМДУЛЛИЛЛА АЛЛАХ ТААЛАГА ЧЕКСИЗ МАКТООЛОР ШҮГҮРЛӨР БОЛСУН ОМИИЙН 🤲🤲🤲🤲
Сахабалар - бир жылдыз сымал Аллах ыразы болсун
Аллаху Акбар!
Ишиниздерге ийгилик! Алла ыраазы болсун дагы коп коп тарта бериниздер узаак кылып деле
Халид бин Валид жөнүндө чыгарыңызчы
Ма шаа Аллах кандай сонун канал👍
Ассалоому алейкум .Азерти Хамза жөнүндө чыгарылыш күбөбүз абдан күтүп жатабыз
Аллах сизден ыраазы болсун дагы чыгарын ушундай сахабалардын омур байанын
Аллах разы болсун бизге сонун жеткиргениниз учун
Аллах ыраазы болсун сиздерден
Чооң рахмат 😊
Машаллах 😥
Аллах ыраазы болсун
Рахмат,Саид бин Зайд боюнча билип алдык.
Аллах ыразы болсун
Аллхым разы болсун
Субханаллох Альхамдулиллах Аллоху н
Алла разы балсун
Коп жолу ушундай хадистерди айтып журо берин 🎉🎉
МашаАллах
👍👍👍
ассаламу алайкум админ жуда фойдали ищни киляпсиз Аллох Рози болсин
Биз да балдарыбызга Аллахты таанытайлы Заид Биндей барлыгын бирлигин Кудреттуулугун Баланча машина алыптыр тукунчо Уй салып атат деп ар кимдин жашоосун айтпай,сахабалардын орнок болчу жашоосун айтып берели
Айша энебиз боюнча коп маалымат бергилечи
❤❤❤
Аббас радиялоху анху тууралуу кенен видео чыгарыгызчы сураныч.
🎉❤🎉❤🎉❤🎉
❤
Ассалому Алейкум.
Уа алайкум салам
🎉❤😢
Менин атым Саида😁
Саид ибн муаз туралуу видео чыгарынызчы
Башталды
Кербела
70 миң периште түшкөн сахаба😢
@ruhaniyatkg
11 ай бұрын
Ал Саид бин Муаз ансарий
Ашараи мубашара разиаллоху анхум
Аллах ыраазы болсун
👍👍👍
Аллах ыраазы болсун