Бишкекте Ирандан чыккан улуу акындар эскерилди

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Иран жергесинен чыккан улуу акындар Хаким Абулкасым Фирдоуси, Хаким Омар Хайям жана түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин эскерүү күнү булуп өттү. Иш-чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маданий өкүлчүлүгү жана окуу жайдын «Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер» факультети менен биргеликте уюштурулду.
Ага Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, БМУнун чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов, университеттин мугалимдери, фарсы тилин окуган студенттер жана фарси тили, Иран маданияты менен цивилизациясына кызыккандар катышышты.
Иш-чаранын ачылышында Маданий өкүл Абузар Тогани, перс акыны Фирдоусинин дүйнө жүзүнө атагы чыккан “Шахнаме” поэмасы перс тилин кылымдар бою сактап калууда чоң салым кошкондугун белгиледи.
Айта кетсек, Иранда жыл сайын 14-май Фирдоусини эскерүү жана фарси тилинин күнү деп белгиленип келет. 60 миңден ашуун беттен (эки сап ыр) турган “Шахнаме” поэмасы орус жана кыргыз тилине да которулган.
Ал эми Иран аймагында мындан 300 жыл мурда жашап өткөн түркмөн акыны Махтумкули Фраги ырларын түркмөн тилинде жазып, ал дагы түркмөн тилинин сакталышына чоң салымын кошкон. Фрагинин чыгармалары кыргыз элинин “Манас” эпосу сыяктуу ооздон оозго, муундан муунга айтылып келип, анын ырлар жыйнагы кагаз бетине жакында эле түшүрүлгөн.
Омар Хайям акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт сап ыр) менен таанылган. Анын артында рубаилерден башка да математикалык эмгектери, астрономиялык таблицасы жана эң так деп эсептелген Күн календары калган.
Иш-чаранын алкагында, перс тилин окуган студенттер Фирдоуси, Хайям жана Фрагинин өмүр баянына кыскача токтолушуп, кыргыз, орус жана перс тилдеринде алардын ырларынан үзүндүлөрдү окушту.

Пікірлер

    Келесі