Бек Борбиев - Айгерим (аккордеон)
АЙГЕРИМ
с.о: Бек Борбиев.
Ак канаттуу ак куу кыз көрдүм,
Жээгинен бир көлдүн.
Жашырышат аяп толкундар,
Аппак кыздын мүчөлүн.
Айтчы сулуу барбы элиңде?
Эргимеңде укканы.
Чаңкап келем сүйүү көлүңдөн,
Жалгыз ууртам жутканы.
КАЙЫРМА:
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Ким төрөгөн атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Айгерим деп атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Түз карабай көздөр жалтанат,
Каныкейдин сүрү бар.
Сулуу көрдүм кирпик ордуна,
Карагаттын бүрү бар.
Ай батканда көлгө келесиң,
Байкап жүрөм күнүгө.
Айдай болуп аттиң жаркырап,
Кирген барбы түнүңө?
КАЙЫРМА:
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Ким төрөгөн атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Айгерим деп атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Пікірлер: 35
Ырдасан ушинтип ырда!!! Бек легенда
Талантына таазим❤мындай талант кайра жаралабы жокпу...
Бек Борбиев,бул эпоха,кыргыз эстрадасында,бар болунуз,бек байке,!
Бек байке, сиздин ырларынызда биздин жаштык калды го, сиздин ырлар менен чонойдук го.
Бек Борбиев Кыргыз эстрадасынын эн бир атактуу аткаруучусу композитору обондору создору башкача бирине бири коендой окшош болуп кулака уккулуктуу келип Элдин журогунун тупкурунон орун алган деп айтабыз.
Талантынызга таазим бар болунуз
*Баракелде аман болуңуз үнүңүз өчпөсүн ийгилик*
Сонун😂
Ото жагымдуу ыр браво, Бек ага бар болунуз
Бек байкемдин журогуно Айгерим ажарлуу бийкеч чок салган го 🔥🔥👍🤝
Кыргыз естрадасынын жузу 👍👍👍
Ырчыларды жарымы Бектин жок дегенде екиден ырын ырдайт,кайталангыс талант бар бул кишиде коз тийбесин
Бек брат сиздин ырларынызды угуп ырдап чонойдунго биз ден солукта болун обондорду жарата бнрин
Ушул эски ырларды бир кайтарып жаныртып ырдап койсо сонун болмок
Бек байке менен замандаш болгонума жаратканга шүгүр кылам
Бек улуу кочту улаган талант.
Азаматсыз бек борбиев
Класс.
Айгерим расул кызын арнап жазган ырыда
Барибир ырысбай акабиздай музукант жок ото Жогорку
Аман болуңуз
Суйомго суйм😘😘😍😍
Каап,эн угуштуу жерин бекер озгортуптур:"Айгерим деп атынды ким койгон?!"-деген жери укмуш чыккан эле,ошол учун да мага ыр абдан жакчу!
@user-ql3dr7pj7l
Жыл бұрын
Озгортпой эле ырдадыго
Мынча обон Жана ырлар кайсы заводтон чыгып атат ыя😁😁
Аида деген да ыр жазын ,суранабыз🤗💐⭐
Кайран Бек Борбиев улгайып баратат,ушу Кишинин ырлары менен чонойдук го.
Ошондо Айгерим Расул кызына арналган ырбы
Бул ырдын автору башка . 1995 жылдары Умут тобу болчуле ошол топтон автору.
@user-ql3dr7pj7l
Ай бұрын
Жанылышасын автор Бек Борбиев
Соз жок ырга
Ырысбай акебиздин ырын еч Бир Жан окшото алган емес ушунчалык татал ырлары
Текстин жазып койсонор 👍
@shekerbekov_1500
Жыл бұрын
АЙГЕРИМ с.о: Бек Борбиев. Ак канаттуу ак куу кыз көрдүм, Жээгинен бир көлдүн. Жашырышат аяп толкундар, Аппак кыздын мүчөлүн. Айтчы сулуу барбы элиңде? Эргимеңде укканы. Чаңкап келем сүйүү көлүңдөн, Жалгыз ууртам жутканы. КАЙЫРМА: Ак куу белең мойнуң койкойгон? Ким төрөгөн атың ким койгон? Ким сылаган чачың биринчи? Ууз күлкүңө алгач ким тойгон? Ак куу белең мойнуң койкойгон? Айгерим деп атың ким койгон? Ким сылаган чачың биринчи? Ууз күлкүңө алгач ким тойгон? Түз карабай көздөр жалтанат, Каныкейдин сүрү бар. Сулуу көрдүм кирпик ордуна, Карагаттын бүрү бар. Ай батканда көлгө келесиң, Байкап жүрөм күнүгө. Айдай болуп аттиң жаркырап, Кирген барбы түнүңө? КАЙЫРМА: Ак куу белең мойнуң койкойгон? Ким төрөгөн атың ким койгон? Ким сылаган чачың биринчи? Ууз күлкүңө алгач ким тойгон? Ак куу белең мойнуң койкойгон? Айгерим деп атың ким койгон? Ким сылаган чачың биринчи? Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Зверь