Балыкчы-Барскоон жолунун 13 чакырымына жаңы асфальт төшөлдү

Атмекендик жол куруучуларга тапшырылган Балыкчы-Барскоон жолу салынууда. Ушул тапта быйылкыга белгиленген жалпы жыйырма беш чакырым жолдун он үч чакырымына асфальттын бир катмары төшөлдү. Аба ырайы мүмкүнчүлүк берсе октябрь айына чейин жолду толук аяктоо белгиленген. Долбоорго ылайык жолдун курулушун 2023-жылы толук аяктоо белгиленген, бирок жергиликтүү жолчулар элдин ылайыгына карап негизги жумуштарды быйыл бүткөрүүнү мерчемдешүүдө.

Пікірлер

    Келесі