Бай кемпирдин мурасы! Кыргызча аудио окуялар! Кыргызча аудио китептер!

Бай кемпирдин мурасы!
КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР
КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР
Каналга катталыныздар!!!!
ААЛЫМ жана ААЛАМ
Кулагыма суук кабар жаңырды,
Зыркыратып жүрөк-жүлүн, тамырды.
Жол көрсөтчүү жоболоңдуу заманда,
Жоготуппуз алп, даанышман аалымды.
Билем, ар жан өлүм даамын татат бу,
Бирок, ыйлап, көздөн мөлтүр жаш акты.
Накыл сөзү - чырак эле түндөгү,
Ким бизге айтат эми ошондой насаатты?
Маңдайында жылдыз-нуру жаркыган,
Таңдайынан таттуу сөздөр шаңшыган.
Казган кенин Алла берген илимдин,
Ошон үчүн Ай айбыкчу баркынан!
Ачуу дебей акыйкатты билдирчүү,
Капалуунун жарпын жазып күлдүрчүү.
Бул жалганда аз жашаарын билгендей,
Тынымы жок иштеп күн да, түн жүрчүү.
Илим, акыл, китеп эле жыйганы,
Биз эле эмес дүйнөдө көп сыйлаары.
Чын ыклас, чырак билим, чындык сөз...
Бузуктуктан буруп койгон кыйланы.
Буркурадым сыздап, жүрөк эзиле,
Күн күл болуп, Ай өчкөндөй сезиле.
Элге келген балакеттин бардыгын
мага бер, деп тилеген бейм өзүнө.
Күн тийсе да күңүрт тартып төгөрөк,
Кандайдыр бир капалыкка бөлөнөт.
Аалым өтсө - аалам боорсуз калгансыйт,
Андай залкар кайра качан төрөлөт?
Арманым өрт, айтар сөз көп дээр ичте,
Устатым ай, кеттиң салым кейишке.
Ортодогу бир туугандык мамиле,
Уланат деп үмүт кылам бейиште.
Сайтка кирип окусаныздар да болот кызыктуу окуяларды!
🕡🕡🕡 kyrgyzcha.site/ 🕖🕖🕖
#2022 #2021 #бишкек #ОШ #жалалабад #нарын #талас #ыссыккол #ыссыккөл #баткен #СУУСАМЫР #окуялар #аудиокитеп #кыргызча

Пікірлер: 9

  • @Kyrgyzcha.audiokitep
    @Kyrgyzcha.audiokitep Жыл бұрын

    bit.ly/3JYQmeD

  • @user-fg3vr5xx7s
    @user-fg3vr5xx7s Жыл бұрын

    Голос сонун.

  • @user-kg5zp4os8r

    @user-kg5zp4os8r

    Жыл бұрын

    Бул аудиокитепти биздин баракчадан толук уга аласыздар.

  • @user-tk5mm6je1h
    @user-tk5mm6je1h4 ай бұрын

    Уландысы барбы

  • @user-zx7vq1yz9u
    @user-zx7vq1yz9u Жыл бұрын

    Уландысы кана

  • @user-kg5zp4os8r

    @user-kg5zp4os8r

    Жыл бұрын

    Бул аудиокитепти биздин баракчадан толук уга аласыздар.

  • @user-vq6or7cl6o
    @user-vq6or7cl6o Жыл бұрын

    Ч 4

  • @user-kg5zp4os8r

    @user-kg5zp4os8r

    Жыл бұрын

    Бул аудиокитепти биздин баракчадан толук уга аласыздар.

  • @user-xl1xb1kw5r

    @user-xl1xb1kw5r

    4 ай бұрын

    @@user-kg5zp4os8rуландысы

Келесі