Асанкалый Керимбаев "Гүлкайыр"

Фильм және анимация

Асанкалый Керимбаев
"Гүлкайыр"
Ысык-Көл сага барам деп,
Ырыска бүтсө жагар деп.
Ойлогон эмес экенмин,
Ошондо сени табам деп.
Ойлогон эмес экенмин
Гүлкайыр, сени табам деп.
Көрсөм да сени миң жолу,
Көл бойлоп бастым түн бою.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Гүлүңдү искеп бир жолу.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Өзүңдү жыттап бир жолу.
Дартыма даба эте албай,
Даалайлар жүрсө жете албай.
Өмүрдүн баркын кеч билип,
Өзүңдөн турам кете албай.
Жашоонун баркын кеч билип,
Жаныңдан турам кете албай.
Күүгүмгө толгон кечимдин,
Күкүгүн кайда кетирдиң?
Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
Гүлгө окшош эркем, кош эми,
Күнөөлүү болсом кечиргин.

Пікірлер: 96

  • @user-ph5cb7dw2g
    @user-ph5cb7dw2g2 жыл бұрын

    Ах ширкин омир ай казир Асангали тири болганда эстраданын олендерин естимей тек Асангали агамнын аккордеонмен салган олендерин еститин едим ширкин ех дуние ай ырчылар отметил болса

  • @AsanSulaimanov-rj6hq

    @AsanSulaimanov-rj6hq

    4 ай бұрын

    Скачать

  • @AsanSulaimanov-rj6hq

    @AsanSulaimanov-rj6hq

    4 ай бұрын

    Скачать

  • @user-hy1ju9pp2k
    @user-hy1ju9pp2k2 жыл бұрын

    Ысык-Көл сага барам деп, Ырыска бүтсө жагар деп. Ойлогон эмес экенмин, Ошондо сени табам деп. Ойлогон эмес экенмин Гүлкайыр, сени табам деп. Көрсөм да сени миң жолу, Көл бойлоп бастым түн бою. Гүлкайыр, сенин мас болуп, Гүлүңдү искеп бир жолу. Гүлкайыр, сенин мас болуп, Өзүңдү жыттап бир жолу. Дартыма даба эте албай, Даалайлар жүрсө жете албай. Өмүрдүн баркын кеч билип, Өзүңдөн турам кете албай. Жашоонун баркын кеч билип, Жаныңдан турам кете албай. Күүгүмгө толгон кечимдин, Күкүгүн кайда кетирдиң? Гүлкайыр, гүлүм кош эми, Гүлүңдү үзсөм кечиргин. Гүлгө окшош эркем, кош эми, Күнөөлүү болсом кечиргин.

  • @user-ki8ck5hy5b

    @user-ki8ck5hy5b

    2 жыл бұрын

    Айнура Сагындыкова сизге чоооооң рахмат! Бул ырдын текстин издеп жүргөм!

  • @user-ee6cy6kd9w

    @user-ee6cy6kd9w

    2 жыл бұрын

    Сөзү Шайлообек Дүйшеевдин ыры

  • @user-ur9nb5xo4m

    @user-ur9nb5xo4m

    Жыл бұрын

    Сага да рахмат кошо ырдап алдым

  • @user-kp6ik4gu1n
    @user-kp6ik4gu1n4 ай бұрын

    Асангалий аганын үнүнө булбулдун үнү тен келбейт өзбекстан😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @user-ph5cb7dw2g
    @user-ph5cb7dw2g Жыл бұрын

    Асангали ага олендериниз кандай керемет кандай дауыс естигин келе береди жаткан жериниз жайлы болсын

  • @incigsm1808
    @incigsm18082 жыл бұрын

    Видо чыгарган адамга аллах разы болсун.молодец.

  • @muktarsakiev7981
    @muktarsakiev79812 жыл бұрын

    Кандай эме болду экен ушул видеону таап чыгарып аткан алкыш кана айтам !

  • @user-st7ld1um3u
    @user-st7ld1um3u5 ай бұрын

    Жашым 21 де жумушта балдар озу тушунбогон ырларды угат а мен асанкалый залкардын ырларын угам мындай кайфты тамекиден дагы албайм

  • @user-hx3ob3ot9z
    @user-hx3ob3ot9z2 жыл бұрын

    100 жылда бир келчу .талант

  • @user-pb4jw9gi8e

    @user-pb4jw9gi8e

    2 жыл бұрын

    1000 жылда

  • @user-ig9ln5tw2w
    @user-ig9ln5tw2w4 ай бұрын

    Керемет ун🎉🎉🎉Жаткан жери жайлуу болсун🎉

  • @gulmirakonushbaeva9458
    @gulmirakonushbaeva94582 жыл бұрын

    ЖАШАЙСЫЗ КЫРГЫЗ ЭЛДИН ЖҮРӨГҮНДӨ Муңканып муңдуу ыры Мунарындай, Муютуп сыйкырдуү ыр турагындай. Айланып ак булуттар арасында, Аз жашап, көптү бердиң Асан агам. Термелип тегирмендин барасындай, Телчигип тектүүлөрдүн арасында. Теректер шуулдашып, өзүңдү издейт, Деңизге чөгүп кеткен асыл таштай. Ыр жандуу кыргыз элдин түнөгүндө, Ырга бай, улуу элдин тилегинде. Жаркырап чолпон жылдыз жанып турат, Жашайсыз кыргыз элдин жүрөгүндө. Гүлмира Конушбаева

  • @user-hf5vu9sw2o

    @user-hf5vu9sw2o

    2 жыл бұрын

    Сонун!

  • @user-bf7vn7nl7n
    @user-bf7vn7nl7n2 жыл бұрын

    Аттиң бири кем дүйнө,бала чактан баштап Асакемдин ырларын угуп,ырдап өстүк.Шум ажал алып кетпесе дагы далай ырларды жаратмак.Аллахым бейишин берсин!

  • @user-py8tt3ut8s
    @user-py8tt3ut8s2 жыл бұрын

    Керинбай болуш,болу онойбу Асанкалайдай керемет ырдаш онойбу

  • @user-iw4cl2hh1v
    @user-iw4cl2hh1v4 ай бұрын

    Бул ырдын созун жазган алп талант Шайлообек Дуйшеев агабызга ыракмат!!!! Жарим саатта жазылган ыр экен ! Кандай керемет таланттар !!!

  • @oigonupjasha1342
    @oigonupjasha13422 жыл бұрын

    Келбетүұ талантуу залкар агайыбыз жаткан жери жайлуу болсун ! Дагы ушундай талантуу агайыбыздардай адамдар көп чыксын кыргыз элинде Жараткан жалгасын.

  • @ulansarmatov1060
    @ulansarmatov10603 жыл бұрын

    Кайран залкар сиздин обондорунуз,кыргыз элинин журогундо кылымдыр бою очпос болуп ырдала берет.

  • @aychurokturgunbekova4850

    @aychurokturgunbekova4850

    3 жыл бұрын

    Эх чиркин кандай талаттуу инсан замандашым колуңдан келсе асанкалый атамдын өздүк видиосун көбүрөөк чыгарчы сураныч менин сүйүктүү обончум жаратканым оо дүйнөсүн бейишинен берсин амиийн

  • @tynychbekjeenbaev1611

    @tynychbekjeenbaev1611

    2 жыл бұрын

    @@aychurokturgunbekova4850 тот

  • @user-kr9dg6lk4m
    @user-kr9dg6lk4m2 жыл бұрын

    Эл козундогу залкарлар олбойт экенда Кыргыз эли барда жаткан жюри жайлуу болсун

  • @user-rd6eq7rx2u
    @user-rd6eq7rx2u2 жыл бұрын

    Асанкалый агамдын ырлары абдан таасирдуу,кайгылуу,укканда коздон жашты агызат...

  • @user-es2qu1fm7z
    @user-es2qu1fm7z2 жыл бұрын

    ,,Гулкайыр Гулум, кош эми, Гулундон узсом кечиргин!!" Керемет керемет, кайран гана агам аййй!!!! Боздоп журуп, сиз да оттунуз дуйнодон, жаткан жериниз жайлуу болсун!!!!

  • @user-dc5re7zo8e
    @user-dc5re7zo8e9 ай бұрын

    Асанкалый Керимбаев агайга көптөгөн бут тосуулар болгон дешет. Анын бирден бир себеби чоң атасы Керимбай болуш болгон. Керимбай болуш Токтогул Сатылгановду сүргүнгө айдаган болуш катары белгилүү. Эгер бут тосуулар болбогондо мындан да кыйын обондорду жараткан композитор болмок дешет.

  • @user-lz2tl3qn6t
    @user-lz2tl3qn6t2 жыл бұрын

    Атин ай, азыр ушундай ырчылар жок. Бул ыр эч качан элдин эсинен кетпейт. Ар дайым жигиттердин журогундо жашайт.

  • @azisbekabdyldaev2432

    @azisbekabdyldaev2432

    Жыл бұрын

    Журогундо эмес ар бир мучондо жашайт, турсан турат ,жатсан жатат Болгону мучонду билишин керек ал кайсыл жерде...

  • @user-uc8my4ex6y
    @user-uc8my4ex6y3 жыл бұрын

    Бейишин болгур агабыз экинчи сиздей жаралбайтго

  • @user-gu2yy7wq8z
    @user-gu2yy7wq8z7 ай бұрын

    Кайран агабыз, аккордеонду ото жогорку чеберчиликте ойногон экен, мындай профессионалдар азыр ото эле сейрээк,жанын жаннатта болсун агабыз!!

  • @user-cw6fu2ul3h
    @user-cw6fu2ul3h8 ай бұрын

    Бали атин

  • @incigsm1808
    @incigsm18082 жыл бұрын

    Кандай сонун ырлары уканда эс аласын. Нур ичинде жатсын.

  • @user-yz2gv2kf8c
    @user-yz2gv2kf8c2 жыл бұрын

    Мындай талантты бизге жараткан берген.азыркылар окшоштуралбайт.

  • @warcrawt1256
    @warcrawt12562 жыл бұрын

    Видеолору болсо коп чыгаргылада.азыркы шерменделерге караганда мына таза ыр

  • @Jalshylyk
    @Jalshylyk Жыл бұрын

    Бул ырдын тарыхын билгендер аз болсо керек

  • @user-bv5sb9iw6s
    @user-bv5sb9iw6s2 ай бұрын

    Бостериде Гүлкайыр деген пансионаттан жазылган ыр бул. Азыр бул пансионат башкача аталат.

  • @balamenbalamenovich1863
    @balamenbalamenovich18632 жыл бұрын

    Ыйлагын келет. Мындай ырлар жок азыр.

  • @user-ty3cu3pq4y
    @user-ty3cu3pq4y2 жыл бұрын

    Не деген таланттуу залкар.чыгармаларын озунун аткаруусунда чыгаруунузду суранам

  • @user-wb7dm2zj9j
    @user-wb7dm2zj9j2 жыл бұрын

    жаткан жери жайлуу болсун

  • @mustafobahtiyaro6150
    @mustafobahtiyaro61502 жыл бұрын

    Ассалому алейкум Бир кезде Асанкалый уулу менен ырдап чыккан эле Уулдарынан чыкпадыбы Биздин жаштыктагы журокту эзген ырлар Уулдарын мумкунчулук болсо чыгарып койсонор Чооон Рахмат

  • @user-qj9ls2kj5w
    @user-qj9ls2kj5w Жыл бұрын

    Ушундай мыкты обончу, ырчыларды сактай алган жокпуз. Эми Асанкалыйдай ырчылар качан жаралат?

  • @nurlanermenkulov6411
    @nurlanermenkulov64112 жыл бұрын

    Аттин ай дагы канча ырлары калды экен жарык корбой

  • @user-un9je7ht5h
    @user-un9je7ht5h2 ай бұрын

    Керемет аткаруу,унутулгус ыр.

  • @user-pm9qm9qz7s
    @user-pm9qm9qz7s6 ай бұрын

    Залкар 👏👏

  • @user-fu8sb9qw5d
    @user-fu8sb9qw5d2 жыл бұрын

    Авторго ыраазычылык көп жаша ,Асакемдей булбул тууралуу чыгарган

  • @user-ye9hr9ii6b
    @user-ye9hr9ii6b2 жыл бұрын

    Талантынызга таазим

  • @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq
    @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq9 ай бұрын

    Жайы жаннатта болсун

  • @nomad-fw3xw9yd8m
    @nomad-fw3xw9yd8m Жыл бұрын

    Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун ага. Кыргыз учун жаралган сиз менен убагында тааныша албай калганыма окуном. Омурдон отсонуз да олбос болуп кеттиниз

  • @meerkanomurkanova4605

    @meerkanomurkanova4605

    5 ай бұрын

    Кандай сонун ыр. Браво!

  • @meerkanomurkanova4605

    @meerkanomurkanova4605

    5 ай бұрын

    Эмне деген талант эле.

  • @user-tv9ck3dq2u
    @user-tv9ck3dq2u2 жыл бұрын

    Азаматсыз! Ушундай виделордон кобуроок жуктонузчу дагы. Ырахмат.

  • @user-ow1fi1kv9x

    @user-ow1fi1kv9x

    Жыл бұрын

    Асанкалыйдын балдарынан атасынын талантын улагандар барбы? Жаш кезде бул кишинин ырын жаттап ырдачуу элек кандай гана таланттар эрте отуп кетишти аттин

  • @user-ty3cu3pq4y
    @user-ty3cu3pq4y2 жыл бұрын

    Ишинизге ийгилик

  • @user-uk9tq1bp5z
    @user-uk9tq1bp5z10 ай бұрын

    Акардеондо соонун ойноп,эн жакшы ырдачу эле, жаны бейиште болсун🙏

  • @user-kh7kw7do2p
    @user-kh7kw7do2p Жыл бұрын

    Эстелик да видиону. Жакшы этият сакташ керек залкар кайтып келбейт да

  • @leonardovvasrofof4280
    @leonardovvasrofof42802 жыл бұрын

    Эн сонун ыр!

  • @user-ee6cy6kd9w
    @user-ee6cy6kd9w2 жыл бұрын

    Мына биздин Майкл Джексон Модерн толкинг Виктор Цой Шатунов

  • @marselalatoobekov9388
    @marselalatoobekov93882 жыл бұрын

    Улуу таланттын эрте кеткени окунучтуу ...

  • @user-qk3cd6yl4h
    @user-qk3cd6yl4h Жыл бұрын

    Керемет ыр жаш кезди эстедик

  • @user-ds8cu1jq7o
    @user-ds8cu1jq7o2 жыл бұрын

    Арбакраазы.болсун

  • @jumawtoktodaev8283
    @jumawtoktodaev82833 ай бұрын

    Гул кайыр к имдин кызы болгон бул суулу кайсы обуластан бул ырдын текстин кайсыл акынга тийешелувву болду экен мааниси обон ут. О укулуктуу

  • @Churok-77
    @Churok-772 ай бұрын

    Илгерки ырларга эч ыр жетпейт да, маанисине да, манызына да, музыкасына обонуна да, азыр андай ырлар жаралбайт Эми аттин 😢

  • @user-ke1lj8td4e
    @user-ke1lj8td4e Жыл бұрын

    Гулкайыр

  • @user-bz1to8zb3u
    @user-bz1to8zb3u2 күн бұрын

    Мен анда ОшМУ нун филология факультеттин1--курста окучумун.Концертинде: коруучулордон бири:_эмнеге дайыма.эле-суйуу жонундо ырдай бересиз "-деп суроо бкргенде :"журогум эмнени ырда -десе ошону ырдайм "-деп кулуп койгон эле❤

  • @LX-kc6sp
    @LX-kc6sp2 жыл бұрын

    1993-1994 жылдар экен, водолазкалар мода маал

  • @user-tt8zx1kf6y
    @user-tt8zx1kf6y2 жыл бұрын

    ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ ЖАНЫ ЖАННАТА БОЛСУН ЖАШ КЕТТИ АЖАЛГА АЙЛА ЖОК ЭКЕН

  • @user-qk5sx7jz9m
    @user-qk5sx7jz9m Жыл бұрын

    Кайран гана талант ээ

  • @user-eh2sj4jq3t
    @user-eh2sj4jq3t2 жыл бұрын

    Класс

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev69312 жыл бұрын

    😢😢😢❤❤❤🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @user-is6oe8sq7y
    @user-is6oe8sq7y2 жыл бұрын

    Олбос талант. Сынбас канат деп билем Асанкалый агабызды. Мен да ар дайым аккардеон мн агабыздын ырын коп ырдайм. Гулзина солнышко сага Рахмат. Мумкун болсо тел ном калтырып кетчи. Я тебя люблю😘😘😘

  • @user-oc9nx9qd8z
    @user-oc9nx9qd8z2 ай бұрын

    Шайлообек.Дуйшеевдин Ыры Гулкайыр

  • @user-ll5gu5ki2l
    @user-ll5gu5ki2l2 жыл бұрын

    👍🏻👍🏻👍🏻

  • @user-cs3xx4ne5d
    @user-cs3xx4ne5d2 жыл бұрын

    УШУНДАЙ ВИДЕОЛОРУН КОБУРООК ЖУКТОГУЛОЧУ СУРАНЫЧ

  • @user-bo9qo5yv7t
    @user-bo9qo5yv7t2 жыл бұрын

    😪😪😪👍👍👍

  • @user-ud2nc3rv1d
    @user-ud2nc3rv1d2 жыл бұрын

    Кыргызда Асанкалый агадай бир дагы озгочо талант жок аттин арман эстрада жаатына жаны ото баштаганда отуп кетпедиби.

  • @user-uw9tw7dq7n
    @user-uw9tw7dq7n2 жыл бұрын

    👍👍👍👍

  • @user-hg8gz5ny8i
    @user-hg8gz5ny8i11 ай бұрын

    Ушундай обончу ырчысы жок калдык окшойт, азыркы обончулар, сөзүн жазган акындан акча алып, обонун жазып, өзү ырдын автору болгонду адатка айландырып алышкан, Атаганат,- эми жок ушундай акча албай обон жазган обончулар.

  • @user-bk7sf6gw3t
    @user-bk7sf6gw3t25 күн бұрын

    Ушул ырдын видеосун " Алтын казынага " сактап коюш керек . Жуз жылдан кийин дагы кыргыздар суктанып угушат ! Бир окунуч -- биздин айбан жетекчилер залкар таланттын баркын билген жок . Ооруп калып жалгыз тамда омурдон кетти ... Миллиард акчаларды басып алган бийликтегилер ушул адамга бир квартира , бир машина берип коюшса Кудай алат беле ..?

  • @wrywrt2541
    @wrywrt2541 Жыл бұрын

    Гулунду узсом кечиргин

  • @shhdgddg8247
    @shhdgddg82472 жыл бұрын

    бейишьин торунон орун берсин аллахым керибайды кугунтук кылган ссср кезинде ошону да кыргыз саткан пахтакорлук качан онолобуз озубузу жок кылып тугонот окшойбуз акыры

  • @bakujumabekov8053
    @bakujumabekov80532 жыл бұрын

    Бул кишини уьагында баалабай койушкан экен.Рыспай Абдыкадыровду эле которо беришкен

  • @user-mo9mt3bz6y

    @user-mo9mt3bz6y

    2 жыл бұрын

    Рыспай Абдыкадыровту деле эч ким көтөргөн эмес, эл артистин бербей коюшту го. Керек болсо теле радиого жакындатпай.

  • @bakujumabekov8053

    @bakujumabekov8053

    2 жыл бұрын

    @@user-mo9mt3bz6y жакшы эле которгон Рыспайды

  • @user-mo9mt3bz6y

    @user-mo9mt3bz6y

    2 жыл бұрын

    @@bakujumabekov8053 Рыспай өз күчү менен ошондой даражага жеткен, Асанкалый Керимбаев Түгөлбай Казаковтор анын шакирттери болгон.

  • @bakujumabekov8053

    @bakujumabekov8053

    2 жыл бұрын

    @@user-mo9mt3bz6y ыр жазып бериптирби же мындай ырда деп айтыптырбы.

  • @user-mo9mt3bz6y

    @user-mo9mt3bz6y

    2 жыл бұрын

    @@bakujumabekov8053 Рыспай биринчи акардеон менен ырдап чыккан адам ошого ошол убакта акардеон тартып ырдагандын баары Рыспайды устатыбыз деп билген анткени алар Рыспай сыяктуу акардеон ойноп ырдап башташкан бул менин созум эмес Туголбай Казаковтун созу.

  • @users99988
    @users999885 ай бұрын

    кайран асан акем...

  • @user-nk9ed8sj8b
    @user-nk9ed8sj8b7 ай бұрын

    0:56

  • @azisbekabdyldaev2432
    @azisbekabdyldaev2432 Жыл бұрын

    Яни

  • @user-ph5cb7dw2g
    @user-ph5cb7dw2g2 жыл бұрын

    Гулкайырды Асангали агамдай ешким ырдай алмайды

  • @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq
    @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq9 ай бұрын

    Соз жок

  • @user-ur9nb5xo4m
    @user-ur9nb5xo4m2 жыл бұрын

    Ыр эмес бекен

  • @user-kr9xj6wz8k

    @user-kr9xj6wz8k

    Жыл бұрын

    Аттин дуйно! Жаткан жери жайлуу болсун !

  • @user-tw4oh8zc5r
    @user-tw4oh8zc5r Жыл бұрын

    Аллахым бейишин берсин .

Келесі