АРАВАН РАЙОНУНУН ЖЕКЕ ВЕТЕРИНАРЛАР АССОЦИАЦИЯСЫ

Аравандан РЕПОРТАЖ
Дүйшөмбү күндөрү Араван райондук эмканасы дайым элге толгон. Бейтаптар бул жакка райондун бардык аймактарынан келишет.
- Мындан эки жыл мурун бруцеллез, эхинококкоз дарттары көбүрөөк катталчу, - дейт райондук эмкананын дарыгери Алийма Зулпуева, стетоскопту халатынын чөнтөгүнө салып.
Бул дарттар малдан, үй жаныбарларынан жугат. Элдин көбү мал кармайт, ит багат. Бирок, акыркы эки жылдан бери, райондук ветеринарлардын эмдөөлөрүнөн кийин, бул оорулар азыраак катталып калды. Эхинококкоз жана бруцеллез оорусуна каршы күрөштүн сап башында жергиликтүү ветеринарлар турат. Алар райондук ветеринария бөлүмү менен келишимдин негизинде иш алып барат.
Ветеринарлар жаз жана күз айларында шарп, күйдүргү жана бруцеллезго каршы сезондук эмдөө жана эхинококкозго каршы дегельминтизациялоо иштерин жүргүзөт. Ветеринарларды бруцеллезго каршы вакциналар менен бир нече жылдан бери ИФАД тарабынан каржыланган "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоору камсыздап келет. Дары-дармектер эмкананын имаратынын маңдайындагы райондук ветеринардык башкармалыктын кампасында сакталат.
- Дарыларды ушул жерде сактайбыз. Бул жактан райондун ветери нарлары керектүү өлчөмдө алып кетишет, - деди 30 жылдан бери мал ылаңдарын аныктоо, алдын алуу жана дарылоо менен алектенип келген ветеринар Маматураим Тажибаев. 2017-жылы Араван районунун 27 жеке ветеринары ассоциацияга биригип, анын жетекчиси болуп Маматураим Тажибаев шайланган.
Бруцеллез жана эхинококкоз менен болгон күрөштө “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору дары-дармек түрүндө гана колдоо көрсөтүү менен чектелбейт. Керектүү вакциналар менен камсыз кылуудан сырткары райондун ветеринарларына жаңы дарыларды колдонуу, паразиттик оорулардын алдын алуу, эпизоотиялык иш-чараларды уюштуруу боюнча окутуулар өткөрүлгөн.
- Жалпы медицина сыяктуу эле, ветеринария дагы бир орунда тур байт. Андыктан долбоор тарабынан уюштурулган окутуулар бизге чоң жардам берди, - дейт Маматураим Тажибаев койлорду биринин артынан бирин эмдеп жатып. - Билимибизди тереңдете алдык, жаңы технологияларды үйрөнө алдык.
Ассоциациябыз УДИ аппараттары жана диагностикалык жабдыктар менен жабдылган ветеринардык клиника ачууну, ошону менен бирге өнүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоону максат кылууда. “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорунун колдоосу менен Маматураим Тажибаев жана анын ассоциациясынын мүчөлөрү ишмердүүлүгүн кеңейтип, көбүрөөк фермерлерге кызмат көрсөтө баштады.

Пікірлер

    Келесі