🎵Апакемдин алмасы || Калыс Айтбаев / 2023
АПАКЕМДИН АЛМАСЫ
"Амансынбы, айланайын кичинем,
Алаксытып койбодумбу ишиңен.
Эмне берип жиберейин" дегенде-
Мээриминиз керек деймин ичимен.
Кайырма:
Сагынычтан көтөрүлүп кан басым,
Суудай ууртап жуткум келди жармасын.
Апакемдин тийген үчүн колдору,
Айылымдын жуубай жедим алмасын.
Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун,
Күндө эстеп жатса керек жооругум.
Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,
Наныныздын даамын таппай оорудум.
Салганыныз келди жарып булутту,
Сезимиме чачылгандай тунук суу.
Өмүрүмдү узарчуудай сезилди,
Өрүк кагы, таза балы, куруту.
Кайырма:
Сагынычтан көтөрүлүп кан басым,
Суудай ууртап жуткум келди жармасын.
Апакемдин тийген үчүн колдору,
Айылымдын жуубай жедим алмасын.
Кыргыздардын тийген үчүн колдору,
Кыргыздардын жуубай жедим алмасын...
Сөзү: Мелис Маматжанов
Обону: Калыс Айтбаев
Пікірлер: 24
Москва шаарында❤угуп жаткандар барбы? Кандай талантуу созу обону топ келишкен ❤❤❤❤
Журокко жеткен,уккан адамды кайдыгер калтырбаган,мыкты чыгарма,мыкты обон болгон. Унуно береке,балам! Мыкты обон,мыкты ырларын менен элдин журогунон орун алып,чыгармачылыктын бийик тепкичтерине жете бер.
Ананайым Калыс балам сонун чыгарма талантына таазим дуйнодогу бардык жакшылыктарды каалаймКолдон Апан
Азаматсын, эн сонун ырдайсын, таланттына таазим, апалар ,аман болушсун.
АЗЗАМАТСЫҢ КАЛЫСТАЙ 👍
🔥🔥🔥😍👍
Азамат👍👍👍
Мыкты Калысбек байке ❤️🩹
Мен да кутуп жатам иним жаны чыгарманды
Керемет чыгарма керемет аткаруу 👏👏👏👍
Эн сонун,Калысбек!Журок элжирей турган ыр болуптур,азамат!!!
Ушул ырың мыкиы болгон👏👏👏Ийгилик досум!
🎉🎉🎉🎉
🔥🔥🔥🔥🔥
👍 👍 👍
👍👍👍
❤️🔥
Обонун бузуп койуптур буну Мелис жакшы ырдайт
Кутобуз иним Аксыдан ассалом
АПАКЕМДИН АЛМАСЫ "Амансыңбы, айланайын кичинем? Алаксытып койбодумбу ишиңен. “Эмне берип жиберейин?" дегенде, “Мээримиңиз керек” деймин ичимен. Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун, Күндө эстеп жатса керек жооругум. Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен, Наныңыздын даамын таппай оорудум. Салганыңыз келди жарып булутту, Сезимиме чачылгандай тунук суу. Өмүрүмдү узартчудай сезилди, Өрүк кагы, таза балы, куруту. Сагынычтан көтөрүлүп кан басым, Суудай ууртап жуткум келди жармасын. Апакемдин тийген үчүн колдору, Айылымдын жуубай жедим алмасын.
Мыкты чыгарма Какентай👏👏👏
☄️☄️☄️☄️☄️🚀🚀🚀☄️☄️👍👍👍👍👍👍👍
💥💥💥💥💥💥💥💥💥
Ушул бала жакшы ырдайт бирок ырдын сөзүн же обонун сөзсүз бузуп ырдайт эмнегедир