ЖАНЫМ АПАМ / Акылай Исмаилова
Акылай Исмаилова
«Жаным апам»
с,о: А.Райымбекова
Тогуз айда толгонуп тапкан энем
Тамагыңдын таттуусун мага берген
Талыкпастан жетелеп жол көрсөтүп
Бул жашоодо көзүмдү ачкан эле
Кайырма:
Сенсиң апам сырдашым жакыным
Сенсиң апам кымбатым асылым
Жаным апам багым апам ай
Түн уйкудан туйшөлүп баккан энем
Эч бир жанды сага тең таппай келем
Күнү түнү ойлоном асыл апам
Канткенде мен ак сүтүн актаар элем
Бир мен үчүн күч кубат аскам элең
Чеги жоктур сүйүүңдүн мага деген
Болсом дагы уул кыздын мен атасы
Бир өзүнө жаш бойдон кала берем
#monomedia
Пікірлер: 25
Азаматсын омурун оркундой берсин бермет эжекене яращычылык🎉🎉
Маладес акылай❤❤❤
Азаматсын омурун оркундой берсин Бермет эжекене чон ыраазычылык🎉🎉 унун керемет экен🎉🎉❤❤
Акылай омурлуу бол эне деген тилинден ананайын талантын ташкындай бэрсин
Ананайыным жожом менин омурлуу бол, бактылуу бол, талантын ташкындай берсин
Азаматсын Акылай унуно береке ийгиликтер коштоп журсун
Иииее ананайын жөжөм десе❤. Өнөрүң өркүндөй берсин 🤲🎉🎉🎉🎉
Акылай,алтын кыз, Аллахым берген аргендей унун менен ааламды багындыра бер. Обонун ар дайым элдин маанайын которо берсин. Омурлуу, бактылуу кыз бол❤❤❤
Бар бол алтыным үнүн булбулдай таншый берсин
Өнөрүн өркүндөй берсин үнү керемет азаматсың
Өнөрүн өркүндөтүү берсин алтыным
Аман эсен барып, аллахым колдосун ийгиликтерди багындырып кел жожотайым
Унуно берекке козум бактылуу кыздардан бол❤ алдыда сынагына ийгилик
Азаматсын онорун оркундой берсин
Азаматсың алтын сиңдим!
Өнөрүң өркүндой берсин!
Үнүнө береке жөжөм
Талантын ташкындай берсин азаматсын❤❤
О АЗАМАТ ДЕСК. КЕЛЕЧЕГИН КЕН БОЛСУН. ОМУРУН УЗУН БОЛСУН. ТАЛАНТЫНДЫ БААЛАГАН ЖЫЛДЫЗ БОЛ.❤😘💋💋💋
Азаматсың Акылай
Азаматсын
❤❤
Азамат
Келечекте бизди сыймыктанткан кыз бологой
Ырдын авторун жазып койсонор болмок. А так жакшы