Америкадагы кыргыз: 400 ашык трак иштетебиз / Сайпидин Туташов / Жаратман подкаст
AITIM GROUP - АКШда бизнес тармагындагы өнөктөшүңүз!
► / aitim_group
_______________________________________________
Жаратмандын бул жолку мейманы, Америкадагы биздин ишкер мекендеш Сайпидин Туташов өзүнүн кызыктуу мигранттык жолун айтып берди. Ал студент кезинде эле океандын ары жагына кетип, ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, турмуштун көптөгөн өйдө ылдыйын башынан өткөргөн. Ал мигрант болуп өз жолун эң төмөнкү жумуштардан баштаган: дааратканаларды жууп, тез тамактануучу жайларда иштеп, тамак-аш жеткирүүчү болуп, таксист болуп иштеген, ресторан ачып, бирок көпкө узабай банкрот да болгон. Бирок азыр ал ири ишкер жана SamExpress деген ири жүк ташуучу компаниянын тең негиздөөчүсү болуп калды.
Сайпидин Туташовдин мигранттык жашоосу кино сыяктуу: жогорку окуу жайын аяктабай туруп, бөтөн жерде өзүн таап, эң оор жумуштарды жасап, ийгиликтин чокусуна чыккан. Ал кандай кыйынчылыктарга туш болду жана кыйын кырдаалдардан кантип чыкты? Баарын жоготкондо, ал кантип духун түшүрбөй, америкалык кыялына умтулду? Бир таксиден баштап, кантип 400 жүк ташуучу машина иштеген компаниянын тең негиздөөчүсү болуп калды? Мунун баары тууралуу биз өз мекендешибиз менен ачык жана чын дилден сүйлөштүк. Айтмакчы, жаңы iPhone 15 утуп алгыңыз келсе, чыгарылышты аягына чейин көрүңүз!
Бул чыгарылышты колдогону үчүн AITIM Group компаниясына жана Тимур Тиленовго чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Лайк басып, комментарий жазып, каналыбызга жазылууну унутпаңыздар!
Жаратманга салым кошуңуз:
M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040
OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)
►Биздин Instagram:
/ jaratman_podcast
►Биздин TikTok:
/ jaratman_podcast
►Биздин Telegram:
t.me/jaratman_podcast
►Instagram Урмат Насыкулов:
/ urmagramm
►Видеомейкер:
/ izat_mukhametaliev
►Музыка:
• Кадыр Батырканов & Кыл...
0:00 Анонс
1:12 Интро
3:35 Конок менен таанышуу
5:31 Балалыгы жөнүндө
8:29 Реклама
9:34 Америкага алгачкы сапар
19:31 Америкадагы алгачкы жумуш
21:19 Кыйынчылыктар
28:05 Мүмкүнчүлүк
30:42 Реклама
31:18 Чикагодогу эмгек жолу
36:04 Бул тажрыйбалар эмне берди?
45:21 Бизнес: ашкана ачтым
53:45 Таксисттерге болгон мамиле
58:19 Банкрот: алган сабак
1:04:39 Кыйынчылыкка туруштук берүү
1:07:35 Бизнеске болгон кызыгуу
1:09:09 Таксиде иштөө
1:13:23 Трак бизнесинин системасы
1:23:51 Диспетчер - трак компаниянын жүрөгү
1:30:00 Бизнестеги стратегиялар
1:37:10 Конфликт тууралуу
1:43:15 Жумушчунун айлыгы
1:46:00 Эки өлкөдөгү бизнестеги айырма
1:52:45 АКШда кыргыздардын акыбалы
1:52:44 Мексика аркылуу жол
1:57:12 АКШда баланы тарбиялоо
2:00:20 АКШнын озгочолуктору
2:07:14 Жаштарга кенеш
2:10:40 Конкурс iPhone 15
#кыргызстан #сша #акш #трак #мигрант
Пікірлер: 639
Сайпидинди лично тааныйм !отто жакшы адам!Мен дагы Мексика аркылуу Америкага баргам,турбодо 3,5 ай отуруп Анан Сайпидин алып чыккан мени!Турмодон чыккандан кийин Дагы коп жерден жардам берген!Алла Ыраазы болсун Сайпидин!Ишине Ийгилик!!!Нурия🫶🫶🫶🫶🫶
@BekmyrzaIshenaliev-cp4wr
Ай бұрын
Сизге үйлөнөп деп аракет кылып үйлөнө албай калганго
@nunuch9981
29 күн бұрын
@@BekmyrzaIshenaliev-cp4wrтоба тоба, жазат десе эле бирдемени жаса беришет…
@finansist7
28 күн бұрын
Азыр Америкадасызбы
@JUGURUK
15 күн бұрын
Кандай бактылуусуң
Мигранттын азаптуу жашоосун он эки жыл толук башымдан откордум,кыргызстанда эч нерсе жок ,иштейин десен иш жок,турмушка чыгып бала тороп олтурайын десен же жакшы куйоо жок,ал заманда кийейин десен жакшы кийим да жок,жегенге жакшы тамак жок,эл загыоа нан жеп калган заманда айласыздан чаар ала сумканы судуроп алып,россияга кеткем.россияда орустарым кийими жок калган маал экен,аябай кыйынчылык менен бутка турдук.кырк градус суукта туруп иштедим.артымдан бир туугандарымды жетелеп барып иштетип адам болушту.уй машиналарды алышты,кудайга шугур жетишкендиктер аябай жакшы болду,.бир гана окунучтуу жери турмушум жакшы болбоду,балалуу боло албадым,бир кыз торосом инвалид болуп торолуп калды,оор жук которуп иштеп суукта жургондун азабы отту окшоцт билбейм.андан кийин оорукчан кызым менен үйдө олтуруп калдым.кызым менен он уч жыл эчтеке жумуш жасай албай үйдө олтуруп калдым,дагы жакшы уй алып алган элем шаардан.кызым отуп кетти жакында,депресияга туштум , үйдө олтурсаң ар жерин ооруй баштайт экен,анан ойлонуп ,кой иш жасайын деп аракет кыла баштадым,бир жерге иштейин десен жашы өтүп калган адамды жумушка эч ким албайт экен.кой колдон келген жумуш тамак жасоо,мантыны жакшы жасайм .магты жасап алып чыкпайымбы деп жасап чыгып сата баштадым,кудайга шугур жаман эмес,алаксыйт экенсиң,адал иш экен.аракет кылып элге жакшы таза азык жедиргенге аракет жасап атам.булардын баарын жазып жатканымдын себеби мигранттын турмушундагы азап тозоктун баары башымдан өткөн,наркомандарга тонолуп,тепкисин жеп,акчаларды алдырып,эч нерсеси жок еалган күндөр баштан өткөн.кичине иштеп Кыргызстанга келсем,айылда Россияга кеткен аялдар баары бузулуп кетишиптир,бир квартирада эле жашаган үчүн эркектер менен жашай беришет экен деген сөз жүрүп атыптыр,апам байкуш тынчысызданып,чындап эле ошондойбу деп кайгырып алыптыр.катуу таарынгам ошондо.адамдарга.ошо оор заманда Кыргызстан баткакка батып акаев кланы менен Кыргызстанды талап тоноп жеп атканда,ушу бизге окшогон аялдар ала сумканы судуроп,ошо кыйынчылыктан Кыргызстанды судуроп чыкпадык белек.ушу аза да болсо жакшы заманда мигрант кана жаратып жатканы жалганбы.менин айтайын дегеним алыста жакында жүргөн мигрант балдар кыздарыбызга терен таазим.жандарынарды таштан жаратсын аллахым, өзү жар болсун.кылган меенетинердин акыбети кайтсын,силерге ишенем Кыргызстанды унутпай элди жерди жогорку жакшы жашоого жеткиресинер.ыссык саламым менен .магазиндин алдында майда манты сатып олтурган,кыргызстандык эженер.
@user-bo9jz1op1s
24 күн бұрын
Сизгеда ден соолук, уй булолук бакыт
@tovaaseltilekma2773
24 күн бұрын
Аллахым сизге коп жакшылык берсин
@InfiSput
23 күн бұрын
Береке, бакыт берсин
@user-ev4pm9eg1w
14 күн бұрын
Ии эже сиздин жашоонуз Бир кыйын болгон экен,абдан мыкты айым экенсиз,
@user-cl5oj1li2i
Күн бұрын
Сизге ден соолук , омурунуз узуун болсун
Жаратмандын жарыясы жайылсын, Кыргызстандын соцонуугусуно чоң салым кошууну тилеп кетемин.
Аябай сонун маек болуптур ,кыргыздын ушундай ишкер, элиме дагы кандай жакшылык кылсам деп элди ойлогон эр азаматтары кеп болсун. Ишиниздерге ийгилик каалайм!!!
11:31 Менин жашым 32де. Москвада аялым менен мигрант болуп журуп орус жарандыгын алууга саналуу кундор калганда, аялым экообуз кенешип Сайпидин аке айткандай 1.биз ал жакта 50 жыл жашасакда ботонбуз. 2.балабыздын тарбиясы, кыргыз экени козунон эле байкалбаса калганы орус сыяктуу болоорун коруп сездик. Кечке 4дубалдын орттосунда камалгандай болуп балдарга кыйын, телефонго кирип кеткен , жаш балдарга кыйын, ата энеси иштеш керек. Чечимге келип кайтууга , баарын нольдон баштоого оз жерибизде бутка туруу, элибизге мекенге пайдабыз тийишине аракет кылалы дедик. Аялым мени колдоп жанымда болду. 2023 жылдын Апрель айында кайтып келип анализ жургузо баштадык, жер коп баары эле дыйканчылык менен аракеттенет эмеспи айылда. Бирок копчулук озу учун гана уйбулосуно жетиштуу гана алектенет. Терен ойлоп эгер ушул жер иштетууго кирсем дыйкан эмес Фермер болуу кажет экенин. Обьем менен коп жерге жол ачыларын кордум. Акыркы убакта бизде ягодаводсто ото каттуу пропаганда болуп ататко. Ушул сфераны коройун деп бирок аздан баштап бул нерсени ичинен коройун дедим. 70минге кочот алып тигип , арада коп окууларга семинарларга ,талааларга чуркап коп катаалардын алдын алууга жетиштик. Жазы менее талаада инилерип аялым менен копченный болуп кеттик😅 . Аялым шаарда чонойгонуна карабай мен менен жарышып чок каптарды желкесине ташып колдогун коруп конулум кокко жетет эле. Ошондо ийгилик биздики болоорун коруп турчуумун. Августта 60 сотых аянтка кобойушо алдык. Карыздар да кобойуп келаткан. Эптеп жазгы момого жетип алсак деп кутчуубуз. Тушубузго да кирчуу кулпунай, кышында да окуутуу курстарга барып билим алып профессионально жандашканга аракет кылдык, себеби билет элем бул жон гана башталышы . Майга жетип момосун терип баштап кубантырды, мы это сделали деген ой толкуп ташып атты. Баткен облусунда чон обьемдо жетиштиргендердин катарына кошулуп билбегендерге уйрото да баштадык. Карыздарды кайтарып ашканына жук ташуучу машына алдык ал да болсо кийинки этаптагы планыбыздын бир болугу. азыркы кезде Бишкекте билимимди ашырып окутууларда журом. 10-15 га аймакты иштетсек , элди иш менен камсыз кылсак аз болсо да биздин гериондо биринчи орунга чыксак жана Кр ны момо жемитер олкосу кылсак деген максатыбыз бар. Ал учун эч кандай тоскоолдук жок деп билем. Эгер азыркыдай болуп ата энем, инилерим жана аялым ишенип ынтымакта колдошсо баары колдон келден. Аларга чон ыраазычык айтат элем бар болгондору учун. 70минден башталган иштен 1млн ашуун киреше таба алган силердин коруучунор.
@user-zc3py1ec6d
23 күн бұрын
Азамат,бар бол иним,акылдуу эстүү меенеткеч экенсиң,эл эмгегин жер жебейт дейт,акыбетин көр.эн туура иш кылгансың, балдарыңдын келечегин ойлоп.балдар орусташып кетсе,ким болуп жаралган эли жерин унутса, маңкурт болуп калганы ошо да.анда күнөөнүн баары ошо тарбияны берген ата энеде да,анда бала чоңойтуп эмне кереги бар.рахмат иним акылына.элим жерим деп күйгөн жүрөгүнө.уй бүлөңө терең бакыт каалайм.
@jeki84815
23 күн бұрын
Азаматсың тууган 🤝✊🫂
@marleskadyrov2951
21 күн бұрын
Ишиңиз илгери болсун
АЗАМАТСЫН БАЛАМ. АМАН БОЛ ИЙГИЛИК. БОЛСУН.. БАЛАМ..❤
Чынында үлгү боло турган адам, үлгү боло турган биография экен. Жөнөкөйлүк, ачыктык менен баарын жай айтып берди. Кээ бир адамдар ийгиликке жеткенден кийин өздөрүнүн эмгегине басым жасашат, башкалардын эмгегин жана насип, буйрук деген нерсени көп айтышпайт. Ийгилик жараткан адамдардын артында дайым жөлөп таяган адамдар болорун айтканы жакты. Ак ниеттүү бир тууган, чыдамкай жар, ишенимдүү өнөктөш жана негизгиси ата-энеси Сайпидин байкенин эң күчтүү жагы деп ойлоп калдым. PS Анан калса 14 жыл АКШда жашаса да кыргызчасы мыкты денгээлде экен. Муну чет жакта жашагандар же башка бир тилди эркин сүйлөгөндөр түшүнөт.
Эгер ушул жазган комментариим эн коп лайк топтоп, Сайпидин агай айткан айфон 15ти утуп алсам, анда бир адамга бекер Куран окутканга даярмын, анткени озум Курандан сабак берем ❤
@jeki84815
23 күн бұрын
Аллахым тилегиңизди орундатсын 🤲
@jeki84815
23 күн бұрын
Ушул сөздүн (ниеттин) баалуулугун билгенде миллион лайк да аздык кылмак аттиң 😢
@Chek55555
20 күн бұрын
Айфон утуп алыныз 👍👍👍👍👍🫂
@user-ff3xn1qo9f
20 күн бұрын
Айфон эмне кереги бар ,Колунуздагы Алтындын баркын билиниз ,Мен Куран Окуй албай журом ,Аллахым Сизге Куран окутуу ийгиликтин баарына жетиниз мени туура тушунсонуз
Мыкты жигит экен, ар Бир кыргыз жигитти ушундай болсо экен.
Омурумдо коргон эн таасирдуу подкаст болду. Мага азыркы учурда ушул создор, ушундай мотивация жетишпей жаткан. Эми жаны дем менен кайра озумдун чакан бизнесимди кайрадан баштайм Жартманга жана Сайпидин байкеге ыраазычылык. 🙌
Азаматсыз Сайпидин кыргызымда сиздей жигиттер кобойсун .Ата эненизге таазим сиздей уулду тарбиялаган .Аллахым омурунузго береке берсин.Менин уулдарымда сиздей сабырдуу меенеткеч жигиттер болсо экен деп тилейм Аллахтан.
Сайпидин сенин берген маэгин аябай журокту толкундантты, эн биринчиден ата-энеден алган таалим-тарбиян, адамгерчилигин ботон жерде да журсон ыйманын менен болуп, бут кыйынчылык, сыноолордон отконун жаштарга позитив болду го дейм,ал Эми азыркы жаштарга же Америкага барам деген инсандарга алтындан да кымбат кенештерди айтып билген-коргон тажырыйбан менен ичи тардыгын жок Эле туура кенештерди айттын. Менин билимим аз болуп калды деп кейибе, сенин ошончолук жылдардагы иш устундогу практикан, сыноолорун Эле канча жыл билим алып, кайра дагын экинчи жолу жогорку билим алгандардан да жогору болгондой эле. Мен Аны сенин чон компанияларды ачып, аларды иштетип, канчалаган ири ишканалар менен келишим тузуу, алар менен туз алакада болуу бул да билим. Мирлан экоонорго ийгилик каалайм! Кыргызстанда да иш баштаганынар да зор эмгек, бир чети ал жакта калып кетпей, жакшы жышаан менен келгенинерге мен да аябай кубандым. Ал Эми жаратман корсотуусун алып барып жаткан Урмат Насыкуловко терен ыраазычылыгымды билдирем, ар бир подкасты коргон сайын кубантат, коз жаш чыгат кубанычтан. Кыргызстаныбыз онуго берсин, ушундай жаратмандарыбыз коп болсун!
@TV-dp1ct
28 күн бұрын
😊😊😊
Сайпидин иним жарайсын , Жаратканыбыз колдосун
Ар бир иштин устундо чоон. Мээнет. Турат. Талбай иштесен доолоту да бар баарына. Чыдаш керек. Азаматсын. Балам..❤
Азыркы учурда Америкада ишкана ачып, Кыргызстандан барган мигранттарга чоон жардам кылып жатышкан биздин мекендештерди биздин окмоттун партнерлору деп эсептейм! Анткени биздин экономикага канчалаган чон жардамдар болуп жатат. Ишине ийгилик Сайпидин кыргыз элинин өнүгүп өсүүсүнө салымынарды кошуп жатканынарга, дагы коптогон бийиктиктерди багынткыла! Менин дагы бир өкунучум бар, убагында Америкага барып иштеп калбагыныма!
Мен да Сайпидин байкенин жашоосунан откондой болдум угуп олтуруп,ыйлап да алдым. Сиздей патриот адамдар бар экен Кыргызстан дагы да болсо онугот. Ийгилик!
Өтө сонун чыгарылыш болуптур! Мекендештерибиз Американы жана башка өлкөлөрдү багынтып жүргөнү кубантат. Кай жерде жүрсөк да аман бололу. Сайпидин байкеге ийгилик, мындан да чоң жакшылыктар коштосун🤗
Абдан сонун маек болду. Бир дем менен көрдүм. Ар бир кыргызда, Табылды Эгембердиевдикиндей жана сиздин иниңиздей ат токуру болсун! Ушунчалык жумуш орундарын түзүп берип, өз жанын эмес, эл баккан, кыргыздын жаратман уулдарынан болуп жүрө бериңиз!
Абдан жонокойлугу жакты, адамдык сапаттарды акчадан дагы бийик коюп, оор кыйынчылыкдарды женип, умут узбой акырына чейин чыдап мына азыр эн сонун ийгиликтерди жаратып олтурат экен Сайпидин мырза. Мындай инсандар менен абдан сыймыктанам жана сизден дагы чоон мотивация ала алдым. Себеби чынында иштейин десен жакшы жумуш жок, Кыргызстанда айрыкча госжумуштар сокращение болуп жатат (озум Минфин КР иштегем, 2 дипломум бар) кичине бизнес ачсам, онуктуруу абдан кыйын барып эле акчага такалып калат экен. Ошого ар дайым Жаратман подкастын коруп умутумду жандырып турам. Чон алкыш сиздерге🙏
Эн жакшы маек болуптур тилегибиз СЭМ экспресс компаниясы америкадагы номер 1 трак компаниясы болсун ал эми Jaratman podkast кыргызстандагы эн мыкты подкаст
Кудайым озу колдосун , жолунар ачык болсун , оомат берсин 🤲🤲🤲
"За каждой тягостью наступает облегчение" говорил пророк Салих (мир ему). Сколько не было бы трудностей, нужно смело идти вперед. Ты не знаешь что будет завтра, послезавтра, надо думать позитивно и верить в чудо. Вы большие молодцы ребята. Продолжайте дальше делать контент, этот подкасты подтолкнет многих людей на веру и силу воли. Алла разы болсун 😊
Мусулман адам алып эмес берип байыйт дегендей , берешен элибизди берчулордон кылсын Кудайым 🤲🤲🤲
Ассалям Алейкум!!! Кыргыздын чыныгы жаратман жигиттери. Мыкты чыгарылыш болуптур, чын журоктон аягына чейин уктум. Алга кыргызымдын жаштары👍👍Кооп жаштарга жакшы кенеш болду, ушундай жакшы инсандар бар учун дуйно сакталып турат. Ар дайым ишеним учун иштеген мыкты мырзалар кооп болсун. Ийгилик жана ийгилик🎉🎉🎉🎉
Үмүтүң өчүп алсырап баратканда ушундай патриот байкелерибиз бар экени дем, күч берет! Эң башкысы ден-соолукта болуңуз! Соонун маек болуптур, соонун кеңештер, тажрыйбаларыңыз айтылды 🙌🙌🙌
Ушундай эң сонун адамдарды эл алдына алып чыгып , элге пайдасы тийе турган маалыматтарды берип , Кыргызстанда да ушундай адамдар бар экенин таанытып эң жакшы иш жүргүзүп жүрөсүң Урмат , рахмат сага. Бар бол, ишиңе ийгилик. Каарман издеп таап , ал жөнүндө маалыматтарды издеп ,окуп даярданасың, акылдуу, каарманды капа кылбай турган, баасын көтөрө турган суроолорду бересиң, мисалга Собчактын методу өтө мени кыжырымды келтирет. Азаматсың, дагы да өсүп өнүгүшүңө тилектешмин. Каарман күлсө күлүп , ыйласа ыйлап мен чын жүрөгүм менен көрөм .
Сайпидин менен Мирлан силерге эн биринчи чын ден-соолук,уй-булоолук бакыт,ынтымак тилейбиз!!! Экоонор тен Чикагодогу эн ыймандуу,сыйкор,кичипейил балдардын катарында журосунор. Кыргызстан менен Американын ортосундагы кызыл копуро болуп,ишинер ге ийгилик,ар дайым элдин керегине жарап аман-эсен болгула👍🤲🏻🤲🏻🤲🏻🙏🙏🙏❤️❤️❤️
Жаратман подкасты өтө маңыздуу жана кадимки булактын көзүн ачкандай таасир калтыра турган көрсөтүүлөрдү сунуштап жатасыздар. Дайыма ар бир жаңы чыгарылышты күтүп көрүп жатабыз. Чындыгында 400 адамды жумуш менен камсыз кылуу бул жакта калсын жалгыз кара жанын же үй бүлөсүн бага албаган жарандарды көрүп жаткан коомдо жүргөн биз үчүн өтө чоң секирик,чакырык болду дал ушул подкаст. Аккан арыктан суу агат дегендей дагы деле кыргыздын тамырында кайнап турган кызыл каны үстөмдүк кылып, намыс үчүн жанталашып эл алдында, жанын үрөп эмгектенүү сезими жашаган жаштардын бар экендиги абдан кубандырат. Демек , саамалык боло турган агасы бар кыргыз уландардын келечегинин бүлбүлдөгөн шооласы дагы деле өчпөй андан ары улантып кетиши дал ушундай жаратман жигиттердин бар экендиги менен байланышкан!!! Алга кыргызымдын жаштары!!! Анан да айта кетүүчү нерсе ата энесинин колдоосу бала үчүн чоң сүрөөн экенин баса белгиледи. Баламдын бардык баштоолорун колдоого үндөп кеткенин таң калып кабыл алдым. Бизде бир жолу жаңылса болду деп чоң мөөр басылып колунан эч нерсе келбейт деп коё калмай адатыбыз бар экендигинин үстүндө иштөө чечимин кабыл алдым 🎉
Көрүп кубанасынго мекендешибизге!!! Алга,алга, алга, Кыргыз элим.
Кыргызстандын кичинекей айылынан чыккан,Америкада оз ордун тапкан кыргызстандын чыгаан мырзасы,соонун подкаст болуптур бир дем менен угуп чыктым,иштеринизге ийгилик.
Бул интервьюну корупатып мага Салам Нью-Йорк тасмасы эсиме тушуп олтурат. Адамдын башына эмнелер кана келип кетпейт,эмнелер кана болбойт ,сиз озунуздун аракетиниз менен ушунча ийгилике жетишип олтурасыз АЗАМАТСЫЗ✊🏻Канчалаган кыргызды жумуш орду мен камсыздаптырсыз.Жаратман подкастынын ар бир чыгарылышын чыдамсыздык мн кутуп коромун.Мен да буйруса бир кыргыздын керегине жараган кыздардан болуп.Ушул жерде озумдун башымдан откоргон, ийгилике жеткен жолумду айтып отурсам деп озумо максат койдум! Кудайым ошол кундорго жеткирсин.
Мен негизи ушундай тагдырдын татаал жолун коруп камчыланып кыйын кундорду коруп ийгилике жеткен адамдарды ушунчалык баалаймын ... Менда озумду бир кун ушундай бизнес леди болуп маек берип жатканымды элестете берем...же бала мн уйдо олтурганда ушундайлар козуно башкача корунуп журогундон башкача жай алабы замандан артта калып кеичудой сезе берем бирок энелердин ээн чон жумушу балдарга тактыктуу тарбия беруу Ишинизге ийгилик. Аман болунуз 14 жыл жашап журсонузда кыргыз жыттанып кыргыз бойдон калыпсыз.. Алып баруучуда соонун иш алып барасыз Суроолорунузда маанилуу маныздуу. Ийгилик баарынарга Аллахым эки дуйно бактылуулугун берсин. Дуйнодо тынчтык болсун
Бар болгула, бир болгула кыргыз элим. Биздин кели-уул да АКШ на кеткен. Аларды эстегенде жүрөк тыз деп кетет. Аман болушса экен деп. Сайпидин сендейди : Эл уулу десек жарашат. Дагы да ийгилик каалайм
Сайпидин байкенин омур жолу аябай кызыктуу экен. Достукта эн биринчи Ишенич дегени таамай айтылды. Мен дагы ординатурамды Америкадан отосом деген максатым бар. Ишинизге ийгилик, оркундоп осо бериниз✊🫶. Жаратман -эн мыкты подкаст!!!
Сайпидинди мен лично тааныйм(Manas Expresste трагын айдап иштеп калганмын)Адамгерчиликтуу, жаман оюу жок, колдон келген жардамын аябаган жакшы жигит. Ишинерге, компаниянарга мындан ары осуп онугушуно тилектешмин! 👍🏻
Айфон 15😍мага эң керек болуп жаткан телефон🥺 4 метр кездеме менен бизнес баштап 4 ай ичинде 3 рулон алганга жетиштик эжем экөөз балдарыбыз менен👩👦👦алга жылуудабыз алдыда чоң максаттарыбыз бар🥳 Бир канча жылдан кийин бизда сиздердей болуп история айтабыз иншаАллах🤲 Ар бир историяны көргөндө күч кубат алып,алдыга умтулам өзүбүздү элестетем менда маанилүү учурларды эстен чыгарбай айтам башкаларга сабак болот экен деп😊
@aliassbusy
23 күн бұрын
Айфон 15 муктаждык эмес, роскошь
Сайпидин мырза чыныгы жаратман мырза экен,абдан мыкты подкаст болуптур,силердей жаратмандар менен сыймыктанабыз,менин уулум да силердей кыргызымдын чыныгы жаратман мырзасы болуусун жаратканым насип кылсын деп тилеймин,чон рахмат ,ийгилик каалайбыз.
Азаматсың, Сайпидин мырза, иштериң иргерилей берсин, Америкада жашаган миллиардер бол Кыргызстандан чыккан ,✊
Ишенимди сактаганга аракет кылып, ийгилике жеткен Азаматтар!
Машаллах. Сиздерди Кыргыздардан чыккан unicorn компания болуунуздарды каалайм жана Кыргыздарды ушундай чоон иштерге туртуп жана мотивация берип журо бериниздер.
@KyrgyzGigachad
Ай бұрын
unicorn деген эмне?
@bmamatkdyr
Ай бұрын
@@KyrgyzGigachad Жонокой соз менен айтканда эгер компаниянын баасы 1 миллиард доллардан ашса unicorn деп атап коюшат.
не могу не согласиться с автором в том, что наличие образования имеет огромное значение в последующей жизни человека во всех сферах. как во взаимоотношении с коллегами по работе/бизнесу, так и в личной жизни. по человеку легко определить, отучился он или нет, это видно по манерам. к сожалению, многие бросают учебу спустя год-два. благодарность ведущему и гостю за такой чудесный подкаст! за то, что раскрываете глаза людям, ведь у многих до сих "розовые очки" относительно Америки. слишком распиарена она, реальность далеко не сладкая.
Мен өзүм башталгыч класстын мугалими болуп иштеймин. Телевизордон көрүп башынан ,аягына чейин,бул баланын мектепте окуп журүп бизнеске кызыкчуумун звачкилерди алып келип,класста менден эле алгыла деп сатчуумун деген жери аябай жакты.Сөз менен айтыш оңой,бирок иш жүзүнө ашырыш өтө кыйын. МЕН аябай сүйүндүм биз окуткан балдар ушундай кыргыздын кыраан жигиттери болгонуна.Дагы да ишине ийгилик каалаймын Сайпидин!!!
Уй булоосу менен сыймыктанса болот. Эн сонун адамдар!!!
@bmamatkdyr
Ай бұрын
❤
Эн негизи окуш керек дегенин мага абдан жакты.Акчага кызыкпай билимди унутпаганын.Биз дагы кыйналганыбызга карабай балабызды чет олкодо окутуп келебиз.Ушунчалык басып откон жолунду угуп,акыры жеткен мээнетине сен татыктуу жигит болупсун деген чечим кабыл алдым.Соз жок,,😊❤
Баардык ишибиз ниетке жараша Кыргыздардын баардыгы болуп кетишсинчи🤲🏻
Мен азыр Европада иштеп журом ,ушул жакта иштеп журуп жашоого болгон коз карашым озгоргон .Сайпидин байкен беркен кенештерин угуп дагыда теренирээк ойлонуп жашомду озгортоп деп чечтим. Сиздерге рахмат
Азаматсын,У.Салиеванын бутуруучулору ушундай азаматтар.Силер менен сыймыктанабыз.
Азаматсын Сайпидин! Сиздей жаратмандар көбөйсун! Урмат сизге дагы ийгилик,ушундай сонун Жаратманлэндиянын инсандардын чакырган үчүн!!!!!
"Мен кайда жүрбөйүн , жүрөгүм ушул тоолордун арасында" деп Абдылдабек айткандай, кыргызстан үчүн күйгөнүң билинип турат 👍.
Сайпидин мырза , чынында абдан мыкты экенсиз! 💪 Ушунча кыйын жолдорду басып өткөрүптүрсүз.😒 Тажадым, болбойт экен деп колду шилтеп басып кетпестен, чөгүп, сынып кыйналса да алдыга умтулуп өзүнө болгон ишеними мага абдан жакты! Сайпидиндей күчтүү,чыйрак, көрөгөч даанышман болгон Кыргыздын уулдары көп болсун! Ата- Энеси колдон, буттан алып, басып турса да батасын беришкен экен! Өзгөчө азыркы жаштарга жол көргөзүп, билим алгыла, шашпагыла деген сөздөрү абдан жакты! Кичинекей айылда, кичинекей мектепте окуп өскөн баланын турмушун бир дем менен көзүм, кулагым ачылып угуп отурдум! Ушунчалык мотивация берген эфир болду. Сайпидинди кармап турган улуу күч , бул өзүнө болгон ИШЕНИМ! ЖЕРДЕ ЖАТКАН ЖУМУРТКА АСМАНДАГЫ УЧКАН КУШ БОЛОТ!💯 Чыныгы Жаратман! 💫 Йгилик!
Сайпидин менин классташым. Мектепте да ото аракетчил, жонокой акылдуу болчу... Молодец
"Жоктон барды жараткан - Жаратман" демекчимин! Сайпидин мырза менен аябай мыкты баарлашуу болуптур! Чыныгы Жаратман экени корунуп турат. "Адамдын эн кыйыны- күн сайын адам болуу"- деген соз чыныгы сизге тийешелүү экен. Канча кыйналып турсаныз дагы адамдык касиетинизди жоготпой, адамгерчиликтүү кадамдарга барганыңыз жакты! Кудайым тилегинизди берсин! 40 жашка чыгып Мекенибизге кайтып келип, жакшы бир Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошооруңузга тилектешмин!
Урмат ушул Жаратман долбордо кызмат кылгандарга баарынарга ырызычылык айтам. Сайпидин агабызга да иштерине ийгилик, ушундай жаратмандар коп болусун бизге куч деп берип мотивация берип журогондо.
Подкаст учун чон рахмат🙏 Ааламга жол айылдан башталат демекчидей азаматсыз Сайпидин Мырза👍 Жонокойчулугунуз, кичи пейилдигиниз абдан сонун экен👍 коруп абдан сыймыктандым🫶
Соонун маек болуптур. Азыркы жаштарга соонун кенештер болду, бекер информация. Ошончо элди иш менен камсыз кылып кыргыз Эли учун иштейм деген ниетинизге жетиниз. Ар Бир кыргыз жараны ушундай тушунук менен иш аракет жасаса кыргызстан бат Эле онугот. Пешене Тери катый эле акы бериш керек дегени озгочо жакта, тарбиясы мыкты Жигит экен. Алга кыргыз бизнесмендер.
Ушундай чыган байкелеребиз коп болсун,анын артынан силерден биз сабак алып жолунарды улайлы , буюрса Кыргызстандын келечеги чоон 🤲
Сайпидин мырзага ишине ийгилик баракелде кудайым ыраазы болсун, жаратман корсотуусуно чоон рахмат ушундай инсандарды дагы коп чакыргыла ишинерге ийгилик
Сайпидин Мирлан кыйын жигиттер экенсиздер, чың денсоолук узун өмүр каалайм! Кыргызстан үчүн күйүп атканыңар көрүнүп турат. Бизнесиңер өнүгүп өсө берсин 🤲🤲🤲🤲чын жүрөктөн 🫀🫀🫀🫀
Кыргыздар кай жакта жүрбөсүн: эң башкысы ден соолукта, ийгиликтүү, иштери жакшы, үй бүлөсү аман эсен, өз ата энелерине кайрымдуу, элине берешен болсун. Алга, жаратмандар! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Ассаляму Алейкум! Мен бул поткасты көрүп жатып. Жакшы адамдар күн сыяктуу Жарыгын унчукпастан чача берет-деген созго ишендим. Канчалык илимдүү билимдүү адам экениниз көрүнүп турат. Жүрөк таза болгондо гана тилден кооз сөз чыгат" дейт. Сөз - адамдын адамкерчилиги менен паам парасатынын күзгүсү. Сөз -жандын азыгы. Тилибиз ушундай жакшы сөздөрдү айтуудан кургабасын деп тилейбиз. Аллах оозубузга тек гана жакшы сөз салсын. Ишинизге ийгилик дагы да коптогон ийгиликтерди жарата бериниз. Мен эки бала менен уйдо олтурган декреттеги келинмин сиздин сөздөрүңүздү угуп абдан таасирлендим. Менин баламда сиздей мыкты инсан болсун! Биздин кичинекей жаш үй-бүлөөбүзго сиздин белек буйрусун!.😊
Кыргыз уулу болуп Ийгилик жаратыш учун копакча же тууган, тааныш кереги жок экенин азыркы жаштарга далилдеп койдунуз. Бар бол Сайпидин! Ата-энене таазим! «Аялын жакшы болсо хан болосун,балдарын жакшы болсо бай болосун «
Жаратман подкаст эң сонун эфир экен! Мага абдан жакты. Ар бир чыгарылышта сөзсүз пайдалуу, керектүү, мыкты инсайттарды алабыз, бизге чоң мотивация берип, алдыга карай максатыбызга умтулдурат❤ Сайпидин байке ыймандуу, адамгерчидиктүү, жөнөкөй, адам экен. Аллахым баардык жакшы тилектерине жеткирсин! Ушундай патриот адамдар көп болсун! Ишиңиздерге ийгилик!!! Аллах ыраазы болсун!!!❤❤❤
Саламатсыздарбы Сайпидин байкебизге ийгиликтерди каалайбыз . Кыргызстанга дагыда болсо чоң бизнес ачып , ийгиликтерди жарата бериңиз . Жаратман подкас га дагы ийгиликтерди каалайбыз . Чет мамлекетте иштеп жүргөн мекендештерге дагы ден соолук жана ийгилик каалайбыз . Кыргызстанга аман - эсен кайтыңыздар . ❤❤🎉🎉
Сайпидин,ишинерге ийгилик. “SEM EXPRESS “компания дайыма алдыга карай ынтыла берсин!!!
Жаратман подкастын дайым кором. Азыр декретте отурганда, эмне жумуш баштасам деп изденип жаткан учурум. Сайпидин аке аябай аракетчил, тайманбас киши экен. Сиздин маегиниз мага чоон пайдасы тийди. Рахмат сизге кенештериниз аябай баалуу болду.👍👍👍. Аллахым колдосун🤲🏻 Келечекте Кыргызстанга келип , Кыргызстандын ЭҢ АЛДЫҢКЫ 100 бизнесмендин катарында болушунузду каалаймын. Жана бизге дагы насип кылсын.🤲🏻
Ассаламу алейкум жаратман өтө жакшы подкаст.Сайпидин инибизге ийгилик, үй-бүлөсүнө бекем ыйман,тапканы берекелүү болуң.
Кыргыздын мыкты мырзасы экенсин ! Иштерине ийгилик ❤
Сайпидин азаматсың! Ушундай кыргыздын чыгаан жигиттери көп болсун. Ишиңе ийгилик. Аллахым өзү колдосун.
Сайпидин менин жердешим бир айылданбыз. Кичинекейинен аябай тырышчаак бала болчу,озу айткандай шаардан балмуздак майда чуйдо алып барып айылга сатчу. Ишине ийгилик мындан да бийик ийгиликтерди багындыр
@user-xg6od5fm3x
27 күн бұрын
Кайсы Айылдан болот?
@user-ue2vx3xt1d
26 күн бұрын
@@user-xg6od5fm3xЖаны турмуш деген айылдан болот Кара суу району
Билим жана илим алуунун коп жолу эскерткени жакты. Диспетчерлерден тышкары, КРда туруп Америкалыктар менен иштешип, ошол жактагы айлыктарды тапкан гид-котормочу уул-кыздарыбыз бар. Алар Америкалыктарды КР боюнча кыдыртып, ички экономикабызга сонун пайда алып келишет. Азыркы кылымда билимин жана таланттарын озу жашап жаткан мезгилдин жана жердин муктаждыктарына жумшап, коомго пайда алып келсе, ал киши эч качан кем болбойт, туугандар. Сайпидин акенин жашоо таржымалы биз учун мыкты мисал. Инсан финансалык стабилдуулукко жана орто-чон ийгиликтерге жетуусуно убакыт, сабр жана эн маанилуусу “ишеним” коп керектигин дагы бир жолу эстейлик. Бул подкасттын мейманына ачык-айрым, толук болушуп суйлоп бергенине чон ыраазычылык!
Азамат Сайпидин Кыргызымдын ушундай уулдары көп болсун ,чет жерде жүрүшсө да өз мекендерине салымдарын кошушуп , жаңы өсүп келаткан инсандарга үлгү болуп жатышат💯💯💯💯
Сайпидин,саламатсызбы,абдан жакшы,жалпак тил менен,журокко жетчуу малымат,тажриба менен болуштунуз. Сизден жана сиздин жубайыныздан,бир тууганыныздардан,ата - эненизден Аллахым ыразы болсун, сизди кыйын акыбалда сизге жолок болуп,сиз менен тен которушуп сиздин оор мушкул убагынызды,таазим этем. Сиздин балдарыныздар буйруса силердей ата эненин тарбиясын коргон,ыймандуу,келечекте элге,журтка керектуу , айланасындарга жакшы таасир эткендерден болот деп ишенем,сиздин турмуш жолунузду уккандан кийин. Эн негизи сиз айткандай билимдуу адам эч жаман болбойт,озун дагы жоготпойт,ар кандай акыбалда. Аман болунуздар,ойлогон тилектериниз ишке ашсын. Чон рахмат. Озгочо рахмат алып баручуга,ушундай биздин балдардын,мигранттардын турмушун эфирге алып чыкканынызга,анткени азыр коп жаштар чет мамлекетке баргысы келет, бул маекти уккандан кийин,балким 7 олчоп бир кесер.
Мугалимдерди унутпай сыйлаган адам эч качан жерде калбайт,Азамат👍👍👍
Сайпидин, Мирлан ишенерге ийгилик!!! Кыргыздарга силердин ырыскынар насип болсун. Ата-Энени сыйлап оз жолун издеген адамдар коп ийгилектер насип болсун!!!
Ааламга жол айылдан башталат дегендей айылда коруп жатам бул талкууларды.Аллах ыраазы болсун жигиттер!белек албасак деле коп кеп-кенеш алдыкко рахмаат!!!
Азаматсын Сайпидин!!! Ардайым Аллаа колдосун жана Уй-булоон менен эки дуйно бактылуулукту насип кылсын!!! Сендей Жигит менен сыймыктанабыз!!!🎉🎉🎉
Уулум өтө кызыктуу баарлашу болуптур.,,Саргара жортсоң,кызара бөртөсүң,же,,Сабырдын түбү ,сары алтын",- дейт элибизде.Сенин көз жашыңды көрүп,эне катары жүрөгүм ооруп кетти,бирок сенин сүйлөгөндөрүңдү бүт аягына чейин угуп,тарбиялуу бала экениңе жүрөгүм сүйүндү.Келечегиң кең болсун,өмүрүң узун болсун.Кыргыздын сендей балдары көп болсун.
Замандашыбыз сендей ишкер Кыргызстанда кобойо берсин. Ар дайым кыргыз деп журок кагып, Кыргызстанды ар тараптан которуп,башка улутдарга да таанытып журо берели . Ушул подкастан озумо коп дем -куч алдым, уйрондум. Уй булон менен аман бол, ишине ийгилик. Дагы да коп нерселерди ЖАРАТЫП жур.
«Атага тен уул жана атадан артык уул» -деп ушул байкени айтса болот! Берген маекти толук кордум убактымды аябастан коп сабак алдым бизнес баштоо жана Америкага баруу тууралуу Аккан арыктан суу агат дегендей тарбия намыс биримдик эрктуулук сапаттар бар экен сизде. Jaratman подкаст сиздердин салымыныздар ото чон жаны осуп келе жаткан жаштарга Рахмат сиздерге
Аябай мыкты паткас болуптур Сайпидиндей кыргыздын жигиттери кобойо берсин узун омур каалай ишине ийгилик талыкпай да осо бер .Алпаруучуга да рахмат
Рахмат Жаратманга, рахмат Кыргызстанды өнүктүрүп жаткан адамдарга🫰🏻🥰 ушундай сонун адамдар менен замандаш болгонума сүйүнүп турам🤗
Эн сонун маек болуптур ушундай беруулорду жаштар кооп корсо сиздей адамдардан улгу алса кыргыздын жигитери мына ушул жигитей болсо деп тилек кылар элем ушундай инсандарды коруп угуп ойлорун жакшы жака озгоруп жашоонун жакшы жагына умтуласын жакшы жашоого шарт тузуго чоон умут беришет ушундай жигитер дагыда кобойоберсин жана ушул программагада ыраазычылык билдиребиз бар болунуздар замандаштар.
МашАллах, ар бир сөзүндө Кудайга шүгүр келтирип жатты. Аллахым мындан ары да иштериңиздерге чоң ийгиликтерди насип этсин 🤲🏻
Сайпидин байкеден Аллах ыразы болсун! Мен дуа кылат элем Аллахым сизге куч Кубат берип Кыргызстандан коп ишкана ачып Кыргызстанда жумуш орундар коп болсун 🤲🤲🤲 Ар бир Кыргыз мекенге аман эсен кайталык❤️
Ааламга жол айылдан башталат! Сайпидин аке, Кыргызстанда жаны баштоолорунузга ийгилик, келечекте кыргызды жаны бир денгээлге чыгарыныз. Эл, мамлекет, денгээлин которуучу инсан кутуп жургону анык!
Азаматсың Сайпидин мырза, ишиңе ийгилик каалайбыз, ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөрсо да сынбай ,турмушка бышып жетилген мыкты инсан экенсиң ❤❤❤
Уккулуктуу жана пайдалуу подкаст болуптур 🤩!!! Сайпидин мырза башынан откозгон тажрыйбасын "наставничествосу" жок эле туз эле коруучулор менен болушту. Билимин жана жашоодо алган тажрыйбасын акчага тенебеген, байлабаган март мырза экен👍. Ушундай мекендештерибиз коп болсун
Сайпидин байке ото жакшы жетекчи, ар бир драйверге (шопурга)кылдаттык менен мамиле кылат! Ишинизге ийгилик! Уйбулонуз менен тынч болун💪👍
Азамат жигит Сайпидин👍🏻 Элиңе тийсин керегиң🌟 Жараткан Аллах жар болуп Желбирет Кыргыз желегин🇰🇬 Жакшы маек болуптур, Жаратман подкастынын уюштуруучуларына, Жаратман конок- Сайпидин мырзага чоң ыраазычылык. Америкага чогуу барып келгендей эле болуп уктум, даректүү, уккулуктуу маек жаратыпсыздар👏🏻👏🏻👏🏻 Урмат Насыкуловко даңк✊
Сайпидин мырза, эн сонун маек курдуңуз. Өзүмө көп пайдалуу маалыматтарды ала алдым. Ушундай жаратман адамдарды көрүп шыктанасын, үлгү тутасың. Урмат мырза подкаст үчүн чоң рахмат.
Мыкты подкаст интервью болуптур. Чон кыйынчылыктын артында чон ийгиликтер турганы бир чон мисал болду .👍🏻👍🏻👍🏻
Молодей Сайпи, кыргыздын мыкты жигити. Убагында чогуу окуганбыз.
Ушундай адамды тарбиялаган ,остургон ата эненерге рахмат Адамдык сапаты жогору адам экен.Чынчыл,Сабырдуу,тырышчаак ,адам эмгегин жебеген калыс адамдай сезилди
Кыргыздын жигит мырзалары, сыймыктанабыз ❤ Ийгиликтүү кыргыз, мусулман бир туугандарыбыз көбөйсүн 🤲🏽, Аллахым койгон максатыңызга жеткирсин, кыргыз элине пайдасы тийген сиздей чыгаан жигиттерибиз бар экенине сүйүнөбүз. Алыста жүрсөңүз да жүрөгүңүз Кыргызстан деп согот экен. Эч кимдин акысына кирбепсиз, анан эң жаккан сапатыңыз: Пайгамбарыбыздын айткан кеңешине амал кылганыңыз, "адамдын териси кургагыча акысын төлө"- деген. Ата-энеңиз туура тарбия бериптир. Аллахым тапканыңызга жана өмүрүңүзгө береке берсин 🤲🏽
Кандай маданияттуу, тарбиясы бийик, адамкерчилиги бийик мырза. Канча таттаал жолду басып отсо дагы сынбай алдыга гана жылган. Жеке озуно, уй-булоосуно гана эмес Кыргызстанга кандай жардам берип атат. Бар болунуз, бактылуу болунуз.🤲 Кандай аял тороду экен ушундай уулду😍 Достойный сын своих родителей🙏👍
Кутман кун мен Мурда музыка уксам азыр ушундай подскаттарды угуп адамдардын кандай экенин ички туюмдарын угуп озумо жакшы жагын жугузуп алганга уйрондум,Айылга жол ааламдан башталат мыкты экенсиз ишиниз илгери болсун ар Бир адамдын Иши журушуп Жаратмандык кылып Эл сыймыгы болушуна тилектешмин 🎉🎉🎉🎉
Сайпидин байке мыктысыз буйруса сиздей байкелерди улгу коруп. Бизди чон компанияларды негиздейли онуголу осолу деп келип калганбыз Америкага . Бизгеда насип кылсын сиздей ийгилик жаратып уй булообузго мекенибизге пайдабыз тийсе онугуп осуусуно салым кошсок деген улуу максаттарыбыз бар буйруса окуп жаткан бир туугандар коментарийни лайк басып колдоп дуба кылып койунуздар. Анан дагы бир айта кетчуу нерсе коп мекендештерибиз калып калат дегенге кошулбайт элем. Себеби жэке озумду айтсам озум бул жакта болгонум менен журогум эргуум таттуу бактылуу балалык элестерим Кыргызтандын тоолорунда жашап атпайбы ошого учкан уябызга созсуз келебиз мейли беш жыл мейли он жыл эн башкысы созсуз келебиз и мекен алдындагы миссия бызды аткарганга аракет кылабыз Кыргызтаныбыздын онугуп осуусуно салым кошобуз буйруса Ин Ша Аллах🤲🏻
Сайпидин агай толкунданып кетти башында бул деген эмнени билдирет бул деген жонокойлукту ,кичипейилдикти корсотот анткени ар бир эле адам ушунча ийгиликке жетсе койрондоп,чон суйлоп кээде корсондоп калат эмеспи ал эми бул адам ошол студент бала кезиндеги аяр сезимин жоготпоптур ! Азаматсыз! Ушунунуздан тайбаныз,бизге улгу болчу инсандар мына ушулар! Ийгилик баарыбызга!
Ассаламу алейкум Сайпи, менин атым Руслан Ат-Башыдан болом, өзүң жаш болсоң да, кичинекей өмүрүңдө башыңан далай нерсе өткөрүпсүң, бул видеону көрүп надёжный адамдар да бар экени өтө сүйүнтүп, кубандырды, Сага жана Силердин компанияга кааларым көптөгөн биздин жардамга муктаж мекендештерибиздин бактылуу өмүр сүрүшүнө, мекенине ак кызмат кылып пайда алып келишине жана алардын үйбүлөсүндө берекелүү жашоо, ыңгайлуу шарттар түзүлүшүнө себепкер болуп жүрө бериңиздер, силерди Кудайым жаман сөздөн, жаман көздөн, жаман ойдон, карызга батып калуудан, жалкоолуктан, сараңдыктан жана адамда болгон көп жаман сапаттарды кылуудан сактасын деп Чын дилден мекендешиң Руслан.
@RizaAbdyrasul
24 күн бұрын
Амиинь
Азаматсын Сайпидин балам! Ден-соолугун бекем, уй-булон менен аман бол!Алыста жургон мекендештерине колундан келген жардамынды корсотуп, бактылуу бологой балам!