Алтынбек Каленов-Суйуунун мерез мыйзамы
Фильм және анимация
«Сүйүүнүн мерез мыйзамы»
Автор:Элмирбек Иманалиев
Өкүттүү, кусалуу, жарааттуу,
Өзгөчө армандуу, азаптуу.
Өзөктү тытмалап да бир түн,
Өзүңсүз дагы бир таң атты!
Кайырма:
Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
Мен келем, сен «эшик» ачпайсың.
Мен жетчү бактыны ыйлатып,
Мен кетчу жолума таштайсың!
Сүңгүп мен чыгалбас санааны айт,
Сүрүлгөн, сүрүнгөн жараны айт.
Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы:
Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт!
Кайырма:
Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
Мен келем, сен «эшик» ачпайсың.
Мен жетчү бактыны ыйлатып,
Мен кетчу жолума таштайсың!
Сенсиз мен адашкан жөжөдөй,
Сени издеп, чыйпылдап жөнөмөй.
Серпилсем, бир сенсиң билмексен,
Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй!...
Кайырма:
Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
Мен келем, сен «эшик» ачпайсың.
Мен жетчү бактыны ыйлатып,
Мен кетчу жолума таштайсың!
Пікірлер: 46
Өкүнтүп, кусалуу, жараттуу Өзгөчө армандуу, азаптуу. Өзөктү тытмалап да бир түн, Өзүңсүз дагы бир таң атты.(2). Кайырма: Мелжиген дүйнөгө батпайм, чын, Мен келип сен эшик ачпайсың. Мен жетчү бактыны ыйлатып, Мен кетчү жолума таштайсың.(2). Сенсиз мен адашкан жөжөдөй, Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй. Серпилсем бир сенсиң билмексен, Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй.(2). Кайырма: Сүңгүп мен чыга албас санааны айт, Сүрүңдөн сүрүлгөн жараны айт. Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы, Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт... Кайырма:
Мин жолу уктум эмне деген создор журокко сунгуп кирип синип кетет го чиркин. Тируучулуктогу баардык нерсени бир паска унуттура турган ыр жаратып кетиптир. Жаткан жери жайлуу болгой ылайым. Сиз жупжумшак, апапак жаздык жазданып, топурагыныныз мамыктай жумшак болуп эч кабатыр болбой жатыныз Элмирбек ага.
Элмирбек дагы деле шедевр жаратып кетиптир да 👍 👍 👍
Нурайым ырдагандан кийин уктум.Бул жигит да жакшы ырдаптыр.
Чынында эле Алтынбектен башкасы ырдабай эле койсунчу,ото соонун аткарган,эх Элмирбек баарыбызды ыйлатып эрте кеттинго,арман арман
Сен учун бир жалгыз мен огой...
Журоктон чыккан ыр журоко жетиптир алтыкемда жеткире ырдаптыр
Алтынбектен башка бул ырды ырдабасын , а то ырды бузушат экен.
Бул ырды Алтынбектен башкасы ырдабай эле койсунчу , ырды бузуп коюшаткен.
Элмирбек ага жаткан жериниз жайлуу Болсун 😢😢😢Америка да угуп отуруп ыйлайм уккан сайын
Бул залкар , не деген керемет не деген шедевр, кандай журок таап айтат. Эхх,Элмирбек ! Далай шедевр ырлар ачыка чыкпай сени менен кетти го! Арман дуйно, Арман дуйно. Сенин ырларынды укпашым керек , андале озумдон кетип , жаман сезип , козумо жаш толот.
Менда мин ирет уктум Алтынбек керемет аткарыптыр, азаматсын чын журоктон аткарган чыгарма журокко жетет.
Жаны жаннаттан болсун, Аллахым рахымына алсын, Элмирбектен туура 1 жыл мурда 20 апрель 2019 жылы жалгыз уулумду 33 жашында жерге берип кан жутуп калдык эле, Аллахым жакшыларды эртерээк алат го деген аргасыз бүтүмгө көнүп сыздайм, Аллахым балама бейишиңен орун бере гөр деп тилегенден башка амалым жок😢😢😢
Ыр абдан сонун.Аткаруучу да мыкты
Элмирбек аке жаныңыз жанатта болсун ✊🏻✊🏻✊🏻
Кандай сонун мааниси ото чон и обону да сонун.
Кандай гана философиялык мааниси терен ыр....😢😢😢😢😢 Залкарлар Гана жаза алса керек шедеврлерди. Аткаруучу журокко жеткире ырдапсыз. Угуп эле отургун келет.
Ушунчалык сонун ырдалыптыр 😢ырдын маңызын чыгарыптыр азаматсыз таазим талантка❤
Кайран алп акын бири кем дүнүйө 😢😢 ар бир сөзү терен сүйүү
Бали, ырдын созу дагы, аткаруу дагы мыкты болуптур! Уккандан эч тажабайм
Элмирбек менен Гулбунун суйуусу
Кандай керемет ыр
Ээх жукоуму сагындым😢
Кайран залкар 😢😢😢 олбос болсочу ээ. Ырларынын баары Гулбубуго арналгандай сезиле берет. Суйуу эмне деп сураса Эльмирбек Иианалиев деп айтса болот.
супер!!!❤
Унунузго береке ишинизге ийгилик чыгармачылыгыныз оркундой берсин
Ырды укканнда ыйладым, 😢😢😢😢😢 Өзүмө өзүм батпай отурам. Мага арналып чыгаргандай..... 😢😢😢😢😢😢 Мелжиген дүйнөгө батпайм чын. 😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢
Кандай сулуу таза таза инсан элен…
Эмикем мындай ырдабайт!!!Окшобойт эчкачан😢😢😢
Сонун
❤
Элмир.Гулбу.эмнеге.тируулукто.бир.болуу.бактысы.буюрбады.экен..жаралуу.Ак.Куулар.ай!
😢😢😢
Эмне Деген создор журокктун тупкуруно жете Турган
😢😢😢😢😢
Гуглга чыгарсаңар аябай жакшы болот эле көчүрүп алып укканга.
Не деген керемет чыгарма. Уккуң эле келет
😅
Текстин ким билет ушуну
@user-dw4tv5nj6x
Ай бұрын
Жазып койдум текстин
@kgstan8589
Ай бұрын
@@user-dw4tv5nj6xкайсыл жакта текст
@user-bg7xq4dz2l
28 күн бұрын
Кайака жаздын
Алтынбек Каленовдон башканар ыр
Суйуунун бул мерез мыйзамы Суйдургон суйгонду аябайт чыын
Өкүнтүп, кусалуу, жараттуу Өзгөчө армандуу, азаптуу. Өзөктү тытмалап да бир түн, Өзүңсүз дагы бир таң атты.(2). Кайырма: Мелжиген дүйнөгө батпайм, чын, Мен келип сен эшик ачпайсың. Мен жетчү бактыны ыйлатып, Мен кетчү жолума таштайсың.(2). Сенсиз мен адашкан жөжөдөй, Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй. Серпилсем бир сенсиң билмексен, Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй.(2). Кайырма: Сүңгүп мен чыга албас санааны айт, Сүрүңдөн сүрүлгөн жараны айт. Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы, Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт... Кайырма:
@user-yz4wk1uk8c
13 күн бұрын
Азаматсыз АК бол сонун жазыптыр укан сайын уга берём аябай жакшы атккарган