Акылбекова Нурайым-- мен дүйнөнү апам менен таанысам❤️

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
#nuray
@akylnuru55

Пікірлер: 6

  • @user-zn6zv5uh8h
    @user-zn6zv5uh8h3 ай бұрын

    Божественная голос ❤

  • @uulkanmamarasulovna
    @uulkanmamarasulovna3 ай бұрын

    Молодец красавица❤🎉🎉🎉

  • @user-ke5wn9qk2x
    @user-ke5wn9qk2x3 ай бұрын

    Ширин Кыз алгаааа🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉

  • @user-wj5kr9pp6m
    @user-wj5kr9pp6m3 ай бұрын

    Алтын Кыз таншый бер.

  • @user-xk3cu4ij3p
    @user-xk3cu4ij3p3 ай бұрын

    Нурайка бактылуу бол

  • @user-xk3cu4ij3p
    @user-xk3cu4ij3p3 ай бұрын

    Алтын ундуу кызыбыс

Келесі