7Gen - 12 ай (2013)

Музыка

трек:
t.me/jetijolujeti
Insta: / 7etigen
Сени менен уктап,
Сени менен ойгономун.
Уйкудан чыкпасам,
Мага чалып ойготосуң.
Ошентип күнүм башталат 12 айдан бери.
Сендей аруужан билбей койдум деги кайдан келди!
Балким бул байланышты сен өзүң күткөн эмессиң.
Жай-күз-кыш-жаз, бирдей өттү мезгил.
Уруштун аягы жок бирок башы эсимде.
Андайлар унутулбас болот экен билесиң сен.
Канча жигит менен жүрдүң,
Мен канча кыз менен жүрдүм.
Билип алып экөөбүз күлдүк,
Кайгысы жок күндөр!
Ушунчалык керемет
Болуп келээрине мен
Ишенбедим буга чейин.
Эмнегедир билбеймин,
Сени кучактаганда
Канаттууга айлангансып,
Мен учам асманда.
Сөз менен жетпеген сезим
Дүйнөдө бар турбайбы,
Мени ууру десең,
Жүрөгүңдү бат уурдаймын!
Сенин көңүлүң жокто
Ааламдын өмүрү жок!
Сени кармасам сакта
Ааламдын көңүлү ток!
Эркелетемин, тамашалап жиниңе тийемин,
Күлкү жүзүңдөн кетпесин
Бул менин тилегим!
Күн киргенде жалгызымсың,
Өчпөс жарыгым,
Бүтүндөй дем аламын
Жүрөгүмдүн жарымы!
Терең терең кирген
Ички дүйнөмдүн тамыры!
Менин өмүрүмсүң,
Түбөлүк алтыным!
Алаканымдагы алтынымды
Учурдум эми алыска!
Ошол эле заматта жанымда тургансыйт!
Мага жан киргизген бакытымды
Мен бул жерден таба албай каламбы, кыйналамбы?!
Деген ойлор кетпейт эсимден.
Убакыт кетти! Мен ага ээ боло албаймын,
Убакыт кетти! Бирок сен эсимде ар дайым,
Алдайын, кое бербейм деп кое бердим атайын.
Өзүмдү жек көрөмүн,
Сен жок ойгонуп күн сайын.
Эмне кылсам эми жолумдун багытын?
Өзгөртүп, агытып суйумдун бакытын? Тажатып сагынттын мени!
Бирок ойлонуп көрүп элестетсем,
Абдан каттуу сүйүп келчү элемин го мен сени!
Колумдан келбесе да аракеттенип ишендим,
Же “кызыңыз чонойду!” деп ата энеге келишкенби?!
Колунда барга тий, менин колумда жок,
Сен үчүн тиштеп жулуп таштайм дегендин учу чок!
Сен мени түшүнбөй таарынчу элең эмнеге?
Кай жактан ката кетирсем, мени кечир дегем!
Сен мени жоготсоң, мен сени жоготтумбу?!
Хэппи Энди жок сен үчүн менин жомогумдун!

Пікірлер: 10

  • @baks.53
    @baks.536 ай бұрын

    Ушул ыр хит болсун дегендер-----------❤

  • @jalgyzun
    @jalgyzun6 ай бұрын

    Мен үчүн эң мыкты чыгармалардын бири) Рахмат 7Gen) бул ыр менен көп кыйын күндөрдү өткөргөм

  • @Anash-ji9uc
    @Anash-ji9uc5 ай бұрын

    Кичинекей кезде укчу элем

  • @user-bm2vn4qn8g
    @user-bm2vn4qn8g5 ай бұрын

    ❤❤❤

  • @user-bm2vn4qn8g
    @user-bm2vn4qn8g5 ай бұрын

    ❤❤❤❤

  • @user-te4zw9wf3u
    @user-te4zw9wf3u5 ай бұрын

    😍😍

  • @zho_ki
    @zho_ki5 ай бұрын

    Баарынарды жаны жылынар менен!!!😘

  • @user-il8lu2bi6w
    @user-il8lu2bi6w6 ай бұрын

    Флэшбектер го

  • @zhchannel5382
    @zhchannel53825 ай бұрын

    ❤🫂

  • @user-bm2vn4qn8g
    @user-bm2vn4qn8g5 ай бұрын

    ❤❤❤

Келесі