3 - Адам жана коом. Инсандын туруктуулугу. Мораль.

Инсандын туруктуулугу. Инсандын туруктуулугу деген эмне?
Инсандын туруктуулугу жөнүндө сөз кылганда биз адамдын активдүү позициясын (абалын) айтабыз, же тагыраак айтканда, анын түзүлгөн абалдан «аз жоготуу» менен чыгуусун гана айтпастан анын ошол түзүлгөн абалды өзүнүн максатына, принциптерине ылайык өзгөртүүсүн айтабыз. Өз алдынчалык, өзүнүн көз караштарын коргоо жана жашоосунда алып жүрүү - булардын баарысы инсандын туруктуулугун мүнөздөйт. Тескерисинче анын антиподу болуп акыркы минутадагы пайда болгон талаптарга ыкташкан, дасыккан көз карашы болбогон, өз ой-пикири жок, калың топтун эркине баш ийген адамдарды айтабыз.
Өз алдынчалыкка ээ болгон, ичинен чыдамкай, өз көз карашы, ишеними жана турмуштук позициясы бар адамдар турмушта көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишишет. Мындай адамдар башкаларды өзүнө тартышат, аларды башкалар туураганга умтулушат.
Адам өзүнүн аракеттерин, жашоого болгон көз карашын баалай алат. Адамдын өзүн өзү баалай (самооценка) билиши, анын коомдо өзүн алып жүрүүсүнө таасирин тийгизет. М. адам өзүнүн жасаган иши менен сыймыктанса анда анын өзүн өзү баалоосу өтө жогору же тескерисинче. Өзүн өзү баалоо ар бир адамда ар башка деңгээлде өнүккөн. Адамдын канчалык адеп-ахлактыгы жогору болсо ал ийгиликке оңой жетишет, каршылыктарга туруктуу боло алат. Эгерде башында адам ахлактык кадам жасаганда кыйналса, ал кийин адатка айланат дагы өтө жеңил болуп калат. Ал анын жашоосундагы норма жана талап болуп калат. Бул инсандын моралдык жактан жетилүүсү жана анын туруктуулугу болуп эсептелет.
Мораль (лат. moralis - адеп-ахлак) - Бул адамдардын коомдогу мамилелерин, алардын бири-бирине жана коом алдындагы милдеттенмелерин аныктаган коомдук пикир менен бекитилген ченемдердин жыйындысы.
Адеп-ахлактын абалын изилдеген жана талдаган, ошондой эле адеп-ахлактын өнүгүшүн болжолдогон илим - этика (адеп) деп аталат.

Пікірлер: 4

  • @user-jw1px4tn9y
    @user-jw1px4tn9y6 ай бұрын

    ❤❤❤

  • @user-dw2hr8dq9f
    @user-dw2hr8dq9f3 жыл бұрын

    Сиздерге чоң рахмат.

  • @user-nn5cz6mb2z
    @user-nn5cz6mb2z3 жыл бұрын

    Соонун 👍👍👍

  • @jymagylmamanova4
    @jymagylmamanova49 ай бұрын

    Тушунуксуз го чиркин

Келесі